Түрк басма сөзү  22.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1495046
Түрк басма сөзү  22.09.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмү адилетсиз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын БУУнун курулушунун 75  жылдыгынан улам өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги жыйынга видео кайрылуу жибергенин жазган. Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмүн сынга алып : «БУУнун системасын кайрадан  активдүү абалга алып келүү үчүн оболу Коопсуздук Кеңешин реформалоо  керек. 7 миллиарддан ашуун кишинин тагдырын 5 өлкөгө калтырган   бир кеңештин түзүмү адилеттүү эмес»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү Ковид  - 19 вакцинасы үчүн күн белгилүү болду» деген макаласында Түркияда жергиликтүү Ковид  - 19 вакцинасы үчүн иштердин ылдам улантылып жаткандыгын белгилеген. Президент Эрдоган азыр да иштелип жаткан 8 вакцина эмгегинен экөөсүнүн жаныбарларда ийгиликтүү сыналгандыгын жарыялады. Бир фирманын инфраструктурасын  вакцинанын өндүрүлүшүнө ылайык абалга алып келингенин белгилеген Эрдоган : «Буйруса алдыбыздагы жылдын алгачкы айларында  бул вакциналарды элибиз пайдалануу үчүн сунуштоону пландап жатабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия улуттук кирешеге караганда эң көп жардам берген өлкө» деген маалыматында Президент Эрдогандын Түркиянын дүйнөнүн улуттук кирешесине караганда  эң көп жардам берген өлкө катары колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрү менен коронавирус эпидемиясы жол ачкан кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө аракет кылганын белгилегенин жазган. Түркиянын эпидемия процессинде башка өлкөлөргө берген жардамдарын белгилеген Эрдоган дин, тил, раса деп бөлбөстөн дүйнөнүн 146 өлкөсүнө медициналык каражат жана аппараттарды жиберишкендерин айтты.

«Хүррийет» гезити «Түркия айыл  - чарбада чоңоюу жактан Европада экинчи орунда турат» деген кабарында казына жана каржы министри Берат Албайрактын Түркиянын Европада бир топ өлкөнү артта калтырып айыл  - чарбадагы өсүү катнашы менен экинчи орунду алганын айтканын белгилеген.  «Максатыбыз дүйнөдө жана Европада лидер өлкөлөрдүн арасында орун алуу»,- деген Албайрак : «Бул ийгиликке жетүү үчүн аракет кылган, эмгектенген бардык өндүрүүчүлөрүбүздү куттуктайм»,- деди.

«Сабах» гезити «Ата мекендик  видеоконференция биринчи сынактан өттү» деген маалыматында Коопсуздук жана коргонуу жыйыны SEDECте ата мекендик видеоконференция тиркемеси «БизБизе» менен 24 өлкөдөн катышуучулар 3 күндө 700 жыйын өткөргөнүн билдирген. Ата мекендки видеоконференция тиркемеси эл аралык тармактагы биринчи сынагынан ийгиликтүү өтүп 254 фирма жана мекеменин өкүлү дүйнөнүн төрт тарабынан эч бир маселесиз жалпы 410 сааттык жыйын өткөрдү.



Тектеш кабарлар