Түрк басма сөзү 21.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1494463
Түрк басма сөзү 21.09.2020

«Йени шафак» гезити «Ибрахим Калын : Түркияга каршы  санкция, шантаж, коркутуу тили жыйынтык ала албайт» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Чыгыш Жер Ортолук деңизде болгон чыңалуу тууралуу берген маалыматында : «Түркияга каршы санкция,  шантаж, коркутуу тили эч качан жыйынтык ала албайт. Муну эми европалык саясатчылардын көрүшү керек. Түркияны  санкциялар менен коркутууну,   чечкиндүүлүгүнөн баш тарттырууну ойлогондор бош аракет ичинде»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Ливерпул мэри Ротери Түркияга мактоо жаадырды» деген макаласында эс алуу үчүн Мугланын Фетхийе районун тандаган Ливерпул мэри Анна Ротеринин Түркиянын жаңы тип коронавируска карата көргөн чараларынан мактоо менен сөз кылгандыгын белгиледи. Ротери : «Ковид  - 19га карата чаралардын мынчалык жогору болушунан абдан таасирлендим.  Мен калган мейманканада, Фетхиеде, Өлү деңизде ал түгүл пляждарда көрүлгөн чааралар мыкты»,- деди.

«Хүррийет» гезити «2  миллион эс алуучу Анталияны тандады» деген макаласында бүткүл дүйнөдө коронавирус жайылууну улантып жатканына карабастан Түркияда туризмдин борбору Анталия 1 -  январдан 13 -  сентябрга чейин 2 миллиондон ашуун туристти тосуп алганын билдирген. Ишенимдүү эс алуу мүмкүнчүлүгүн сунган Анталияга Россия, Украина, Германия, Британия, Польша жана башка 170 өлкөдөн 2 миллион 3 946 конок келди.

«Сабах» гезити «Түркиянын биринчи жергиликтүү учуучу машинасы «Жезери» эл аралык басма сөздө мактоо алды» деген кабарында жергиликтүү жана улуттук өндүрүш болгон учуучу машина «Жезеринин» эл аралык басма сөздө кенен орун алууну улантып жатканын жазган. Жуманын негизги кабарлары деген темада видео бөлүшкөн Ройтерс учуучу машина «Жезерини» биринчи орунга койду. Жезери башка чет элдик басма сөздөгү сайттарда да чоң мактоого алынды.

«Стар» гезити «Жергиликтүү видеоконференция өткөрүү биринчи сынактан өттү» деген маалыматында АСЕЛСАНдын филиалы BİTES тарабынан иштелип чыккан  ата мекендик видеоконференция / вебинар тиркемеси, эл аралык катышуу менен өткөн "Коопсуздук жана коргонуу жыйыны" SEDEC иш - чарасында ийгиликтүү сынактан өткөнүн жазган. Иш - чара ишке ашыруунун эл аралык деңгээлде угулушуна чоң салым кошту.



Тектеш кабарлар