Түрк басма сөзү 17.09.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1492445
Түрк басма сөзү 17.09.2020

 

«Хабер Түрк» гезити «Эрдогандан Европага Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүсү: Калыс жана чынчыл болгула» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен өткөргөн видеоконференцияда Чыгыш Жер Ортолук деңизде конструктивдүү жана тең укуктуу мамиле болгондо гана талаш-тартыштардын сүйлөшүү жана макулдашуу жолу менен чечилерин айтканын жазган. Европа өлкөлөрүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесинде калыс жана чынчыл болуулары керектигине басым жасаган Эрдоган, Түркиянын өз укуктары темасында аягына чейин чечкиндүү жана активдүү саясат жүргүзүүнү улантарын баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Оруч Рейстин жаңы багыты Меистин түштүгү» аттуу кабарында акыркы айда жарыяланган үч Navtex менен Түркиянын деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарынын эң түштүгүнөн баштап түндүккө карай илгерилеген «Оруч Рейс» кемесинин жаңы багытынын Меис аралынын түштүгү болоорун билдирген. «Оруч Рейстин» бул аймактагы изилдөөлөрү 2 айдын ичинде бүтөт. Жаңы Navtex жарыясынын координаттарынын Меис жана Родос аралынын жээк сууларынын аягынан башталат деп күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Түндүк Македония Грецияны Түркия менен кызматташууга чакырды» деген маалыматында Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев, Афина өкмөтүнө Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия менен кызматташууга чакырганын кабарлаган. Аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилеген Заев: «Акылдуу бололу. Бул тирешүү экинчи кайталанбайт деп ишенем. Анткени Түркия сиздин коңшуңуз жана биздин да жакшы досубуз»,-деди.

«Сабах» гезити: «Түркиянын үйүрлүү учкучсуз учуучу аппараттары дүйнө жүзүн суктандырды» деген макаласында Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын Үйүрлүү учкучсуз учуучу аппараттардын технологияларын иштеп чыгуу жана көрсөтүү долбоорунун алкагында уюштурулган сынактын биринчи этабы аяктаганын билдирген. Көптөгөн компаниялар учуу сыноолоруна катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Хүррийет гезити  «Орустар Антальяга агылды» деген кабарында коронавирустун жаңы түрүндөгү (Ковид-19) эпидемиянын нормалдашуу процесси менен бирге айрыкча Россия баш болуп  Антальяга келген туристтердин санынын динамикасы байкалганын маалымдаган. Август айында 225 миң болгон Антальядагы орусиялык туристтердин саны сентябрдын алгачкы 15 күнүндө ушул эле санга жетти. Жайкы сезондун ноябрь айына чейин узартылышы болжолдонууда.



Тектеш кабарлар