Түрк басма сөзү 16.09.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1491590
Түрк басма сөзү 16.09.2020

«Йени шафак» гезити «Түркиядан жаңы NAVTEX жарыясы : куралдандырылган аралдарга каршы Лозаннага басым жасалды» деген кабарында Түркия жарыялаган  Navtexте 1923 – жылдагы Лозанна келишиминин негизинде Хиос аралынын расмий болбогон аскердик статусунун бузулгандыгын белгилегенин жазган.  Греция 1960 – жылдан бери аскердик эмес статуста орун алышы керек болгон аралдарды куралдандырууда жана Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан. Түркия аралдардын куралсыздандырылышы үчүн Афинага чакыруу салды. Түркия өзгөчө бир Navtex дагы жарыялап, Жер Ортолук деңизде кызмат кылган «Явуз» бургулоо кемесинин кызмат мөөнөтүнүн 12 -  октябрга чейин  узартылгандыгын билдирди.

«Стар» гезити «Чавушоглу: Греция Европа Биримдигинин сокур колдоосуна ишенбесин» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын Греция менен Чыгыш Жер Ортолук деңизине байланыштуу маселелерди сүйлөшүүгө даяр экендигин белгилеп : «Жаңы грек өкмөтү  оң жооп берет деп ойлойм. Бул жерде Грецияга Түркия  менен диалогдон качып Европа Биримдигинин сокур колдоосуна ишениши маселелердин чечилишине карата эң чоң тоскоолдук болорун эскертким келет»,- деди.

«Ватан» гезити «Европа Биримдиги Түркия менен тирешип маселени чече албайбыз» деген маалыматында Европа Парламентинин Жалпы Кеңешинде Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жүргүзгөн бургулоо иштери каралганын жазган. Отурумда сөз сүйлөгөн Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар боюнча жогорку өкүлү Жосеф Боррелл Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги калктын өскөнүнө көңүлдөрдү бурду. Түркиянын мурунку күчүнө кайрадан жеткендигин баса белгилеген Боррелл : «Түркия менен тирешип маселелердин чечиле албастыгы ачык»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия 2021 -  жылы эң ылдам калыбына келген өлкөлөрдүн арасында орун алат» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжандын коронавирус эпидемиясынын глобалдык экономикага тийгизген таасири уланып жаткан мезгилде Түркиянын көптөгөн өлкөгө салыштырганда  абдан жакшы абалда экендигин белгилегенин маалымдаган. Пекжан : «Бул жылдын акырынан тарта өзгөчө да 2021 -  жылы тышкы рынокторубуздагы шарттардын жакшырышы менен ылдам калыбына келген өлкөлөрдүн арасында орун алабыз деп айта алабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия дүйнөдө биринчи үчтө» деген маалыматында Түркиянын өнөр жай өндүрүшүндө жылдык 4, 4 пайыздык өсүшү менен Ирландия, Норвегия жана Кытайдан кийин төртүнчү, айлык 8,4 пайыздык өсүү менен Португалия жана Испаниядан кийин үчүнчү орунду алганын кабарлаган. Өнөр жай өндүрүш индексинин жогорулашын үчүнчү айда да улантып эпидемиядан мурунку деңгээлин ашкан Түркияда 3 -  чейректе да жогорку өсүүнүн болушу күтүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар