Түрк басма сөзү 15.09. 2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1490777
Түрк басма сөзү 15.09. 2020

«Ватан» гезити «Президенттиктин катчысы Калындан Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу билдирүү» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын соцтармактан берген маалыматында : «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде маселелердин тынчтык жолдор менен чечилиши мүмкүн, теңдикке таянган, инклюзивдүү жана сарамжалдуу мамилелер оң салымын кошууда. Түркия эч кимдин жерине көз артпайт.  Бирок эч кимге укугун жедиртпөө үчүн чечкиндүү»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу : Севилья картасынан баш тартышпаса бул чыңалуу бүтпөйт» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Греция тууралуу : «Греция алдыңкы шарттарды талап кыла турган болсо, биз да алдыңкы шарттарды ортого салабыз. Греция Севилья картасынан баш тартмайынча, Түркиянын чек ара аймагына сый көрсөтмөйүнчө бул чыңалуу бүтпөйт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдогандын «клеткалуу костьюм» модасы немистердин көңүлүн бурду» деген маалыматында немис Die Welt гезитинде Президент Р. Т. Эрдогандын «клеткалуу костьюмдары» тууралуу жазуу жарыяланганын билдирген. Жазууда Президент Эрдогандын саясатта болгондой кийим – кечеде да отурукташкан нормалардын тышына чыкканы жана өз көз карашын ортого койгондугу белгиленди.

«Сабах» гезити «Варанк: жогорку өсүүнү күтүп жатабыз» деген кабарында өнөр жай жана техгология министри Мустафа Варанктын июль айында өнөр жай өндүрүшүнүн айлык 8,4 пайыз, жана жылдык 4,4 пайызга өскөнүн белгилеп : «Айлык базада бардык астыңкы пункттар ай сайын позитивдүү ишке ашты. Өндүрүштө глобалдык экономикада позитивдүү дивергенцияны улантып, биринчи үчтө ордубузду алдык. 3 -  чейректе жогорку өсүүнү күтүп жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядагы 800 жылдык казына : 3 өлкө артынан түштү» деген жазуусунда Невшехирдин Гүлшехир районундагы 800 жылдык кенден чыгарылган 150 000 тонна таш тузуна өлкө ичи жана өлкө тышынан талаптардын келип жатканын маалымдаган. Туз кенин иштеткен Суат Билгин : «Германия, Франция жана Нидерландиядан талаптар келүүдө бирок көлөмүбүз жетерлик болбогондуктан талаптарды камсыз кыла албайбыз. Саламаттык сактоо туризмине ачууну ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар