Түрк басма сөзү 21.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1476727
Түрк басма сөзү 21.08.2020

«Хабер түрк» гезити «Европа Биримдиги (ЕБ) Грецияны жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугун сабырдуулукка чакырышы керек» аттуу маалыматында Түркиянын мыйзамдуу укуктарынын алкагында Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иш-аракеттерин улантып жатканын, Греция болсо Түркияны тез-тез Европага арызданууда экенин баяндаган.  Европа Биримдиги жасалма болсо да Түркияны сабырдуу болууга чакырууда. Бул абалга каршылык көрсөткөн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, эгер ЕБ Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтыкка, гүлдөп-өнүгүүгө багытталган процесстин бир бөлүгү болууну кааласа, анда ал объективдүү жана чынчыл болууга тийиш жана Европа Биримдиги  сабырдуулукка чакыруусун Грецияга жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугуна жасашы керектигин билдирди.

«Хүррийет» гезити «Шар турлары 22-августта башталат» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Ковид-19 пандемиясына байланыштуу токтоп калган ысык аба шарлары 22-августтан баштап учуусун улантаарын маалымдаганын жазган. Жыл сайын орто эсеп менен Түркиядан 600 миң турист ысык аба шары туруна катышат. Былтыр бул сан 660 миңден ашкан. Кападокия дүйнөдөгү ысык аба шарынын көздөгөн пункту катары кабыл алынган бир нече туристтик аймактардын бири.

«Ватан» гезити  «Германия Түркиянын беткабын сатып алган өлкө болду» аттуу кабарында январь-июнь айларында Түркияда өндүрүлгөн бир жолку беткаптарга эң көп суроо-талап Германия, Кытай, Франция, Румыния жана Кувейттен келгенин маалымдаган. Бул мезгилде бир жолку медициналык беткап  Германияга 14,3 миллион долларга, Кытайга 13,6 миллион долларга, Францияга 9,8 миллион долларга, Румынияга 8,6 миллион долларга жана Кувейтке 8,5 миллион долларга сатылды.

«Стар» гезити «АКШнын профессору Гюнтер: Армяндардын документтери жасалма» аттуу маалыматында 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу изилдөө жүргүзгөн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Теннесси Тех университетинин социология жана саясий илимдеринин профессору Майкл Гюнтер: «Армяндардын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу дооматтарын тастыктаган реалдуу документ жок. «Маселен, армяндардын дооматтарын далилдешкен атактуу Андон документтери жалган»,- деди Гюнтер.



Тектеш кабарлар