Түрк басма сөзү 19.08.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1475374
Түрк басма сөзү 19.08.2020

«Хабер түрк» гезити «Өмер Челик Байдендин сөздөрүнө каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиясынын) басма сөз катчысы Өмер Челик кечээ күнү партиясынын Борбордук чечим чыгаруучу башкаруу кеңеши (MKYK) күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенттигине талапкер Жо Байдендин сөздөрү жөнүндө билдирүү жасаган Челик: «Байдендин сөздөрү так түшүнүк менен айтканда төңкөрүшчүлүк. Эч ким биздин демократияны уурдай албайт, биздин демократияны буза албайт, саясий системабызга эч ким кийлигише албайт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Албайрак: Түркия, дүйнө жүзүнө экономикалык көз карандысыздыкты көрсөтүүдө» аттуу кабарында казына жана каржы министри Берат Албайрактын социалдык медиалардагы бөлүшүүсүндө, Түркиянын жаңылануучу булактары жана өндүрүп жаткан энергиясы, бүт дүйнөгө экономикалык көз карандысыздык экендигин көркөткөнүн айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити  «TOGG үлгүлөрү Европа Биримдигинин 27 мамлекетинде жана Кытайдан кийин Японияда катталды» деген маалыматында Түркиянын автоунаа демилгечилер тобунун (TOGG) долбоору, 27 Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрүнө жана ошондой эле Кытайдан  кийин Жапонияда да каттоодон өткөнүн маалымдаган.  TOGGдун Твиттердеги билдирүүсүндө: "Жапон Патенттик офиси (JPO) биздин C-SUV жана Sedan үлгүлөрүбүздүн  Жапонияда TOGG аталышында катталгандыгын жарыялады»,деген маалыматты бөлүштү.

«Стар» гезити «Түркиянын орбитадагы көзү Rasat 9 жылды артка калтырды» деген кабарында Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин (TUBITAK), Космос технологияларын изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жана Түркиянын алгачкы байкоочу спутниги Rasat, орбитадагы  9-жылын артка калтырганын маалымдаган. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, RASAT тарабынан тартылган сүрөттөр картография, табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүү, айыл чарбасы, айлана-чөйрө, урбанизм жана пландоо иштеринде колдонулуп келет.

«Ватан» гезити «Лион, Алтайдан футболчу Женк Өзкачарды трансфер кылды» деген кабарында Француз лигасынын командаларынын бири Олимпик Лион «Алтай» командасынан  Женк Өзкачарды трансфер кылганын жазган. Олимпик Лиондун билдирүүсүндө 19 жаштагы стопер менен 5 жылдык келишимге кол коюлгандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар