Түрк басма сөзү  14.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1472904
Түрк басма сөзү  14.08.2020

«Сабах» гезити «Эрдогандан Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүсү» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын облустук башкаруучулар жыйынында Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселеси тууралуу : «Өз иш алып баруу аянтыбызда иш жүргүзөбүз. Баарынын  көңүлү тынч болсун. Эч кимдин акысына көз тикпегендей эле эч кимге да өз акыбызды жедирбейбиз. Шоунун артында  эмеспиз»,- дегенин жазган.  

«Стар» гезити «Түркиядан так кабар : эч ким шектенбесин» деген кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээ Азербайжанда берген маалыматында : «Ачык айткым келет. Өткөн жылдарда Хожалыда бүткүл дүйнөнүн көз алдында кыргын кылган, Жогорку Карабахты эч бир мыйзамдуу негиз болбостон басып алган Арменияга каршы бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Азербайжандын, азербайждык курал жолдошторубуздун жанында акырына чейин  турабыз. Азербайжан жалгыз эмес»,- дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити  «Министр Пекжан : Ливия менен карым  - катнаштарыбыз үчүн абдан маанилүү документке кол койдук» деген кабарында Түркия менен Ливиянын ортосунда түрк фирмаларынын Ливияда  жүргүзгөн долбоорлордо жашап жаткан кыйынчылыктардын чечилиши жана жарым калган курулуш долбоорлорунун улантылышы максатында меморандум келишимине кол коюлганын маалымадап  Соода министри Рухсар Пекжандын : «Түркия менен Ливиянын ортосунда экономикалык жана соода карым  - катнаштарыбыз үчүн абдан маанилүү бир документке кол койдук»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Бул робот температураны өлчөйт, дезинфектан сээп, бет кап берет» деген маалыматында Орду облусундагы Доктор М. Хилми Гүлер атындагы билим жана өнөр борборунда кызмат кылган 6 мугалим, жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде температураны өлчөгөн, дезинфектан сепкен жана бет кап берген робот чыгарганын маалымдаган. Робот  имараттын ичине кире турган кишинин алгач температурасын өлчөйт, андан кийин дезинфектан сээп, маска берет. Температурасы төмөн чыккандага  каалганы автоматтык түрдө ача турган робот жогоруку температурасы болгондорго каалганы ачпастан жооптуу кишиге кабар берет.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын чатыры  уюлдук жана чөл климатын бирдикте жашап жатат» деген кабарында өлкөнүн эң бийик жери болушу менен «Түркиянын чатыры» деп аталган Арарат тоосунун чөл жана уюлдук климатты бир учурда жашап жатканын билдирген. Азыркы учурда  тоонун этектеринде чөл климаты жүрүп жатса, ар бир 1000 метрде абанын ысыктыгы өзгөрүп жаз жана күз мезгилин эске салууда. Өлкөнүн  эң бийик жери болгон жана абанын температурасы нөлдөн 20 градуска чейин төмөндөгөн Арарат тоосунун чокусунда болсо август айында кыш мезгили жашалууда.



Тектеш кабарлар