Түрк басма сөзү 12.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1471500
Түрк басма сөзү 12.08.2020

                      

«Сабах» гезити «Эрдогандан Чыгыш Жер Ортолук деңиз үчүн саммит кыймылы» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын канцлери Ангела Меркелдин суранычы менен Греция күчөткөн чыңалууну басаңдатканына карабастан  Афинанын Египет менен түзгөн акыркы келишим чыңалууну кайрадан тутандырганын белгилеген. Эрдогандын бул жумада Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшөрү маалымдалды. Сүйлөшүүнүн негизги күн тартип беренеси Эрдогандын Жер Ортолук деңизде энергетика булактарын  адилеттүү түрдө бөлүштүрүүгө формула табуу үчүн тарыхый Жер Ортолук деңиз жыйынына чакыруу болот.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу : Чыгыш Жер Ортолук деңизде жол бербейбиз» деген кабарында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде жакшы ниеттин көрсөткүчү катары  убактылуу кээ бир кыймылдарды кылгандыгын бирок Грециядан тескери кадамдардын келиши менен Түркиянын кемелерин кайрадан аймакка жибергенин айтканын жазган. Түркиянын чечкиндүүлүгүн баса белгилеген Чавушоглу : «Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Кипрде Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн мыйзамдарын акырына чейин жактайбыз. Келген жерибизде эч ким бизге жакшы ниет көрсөтпөдүңөр деп айта албайт. Ошондуктан күнөөлөсө Грецияны күнөөлөшсүн»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия бардык чараларды көрдү» деген макаласында Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Кипр  жана Көгүлтүр мекендеги мыйзам, укук жана кызыкчылыктарын коргоодо чечкиндүү экендигине көңүлдөрдү буруп, Чыгыш Жер Ортолук деңизде  Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы катышпаган эч бир долбоордун жашоо мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин жана аймакта эч бир болуп бүттүгө уруксат беришпей тургандарын айтканын маалымдаган. Акар «Оруч Рейис» сеймологиялык изилдөө кемесинин деңиз күчтөрү командирлигинин коштоосунда коргоого алынганын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркия жалгыз эмес : Пакистанда күн тартиби Түркия сүйүүсү» деген кабарында Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде укугун коргоосуна Пакистандан колдоо келгендигин жазган. Пакистанда ачылган англис тилиндеги «Түркия жалгыз эмес» деген мааниге келген 'Turkeyisnotalone' хэштегине он миңдеген билдирүү келип, пакистандыктар дагы бир жолу Түркияга болгон сүйүүсүн көрсөтүштү.

«Стар» гезити «Түркиядан Арменияга каршы чыгуу: өзүңөргө келгиле» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин 100 жылдан кийин Севр келишимин күн тартибине алып келген Арменияга каршылык көрсөткөндүгүн белгилеген. Армения мекемелеринин кол салуучу улутчул саясаттарын таштап өзүнө келүүнүн убактысы келгени билдирилген маалыматта : «Бүгүн өз калкын бага албаган башкаруунун 100 жылдан кийин түрк улуту жыртып ыргыткан Севрди күн тартибине алып келиши акылга сыйбайт»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар