Түрк басма сөзү 05.08.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1467311
Түрк басма сөзү 05.08.2020

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган : ар дайым Ливандын жанында болобуз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Ливанда  болгон жарылуу тууралуу жеке арапча соцтармак эсебинен билдирүү жарыялаганын жазган. Эрдоган : «Түркия катары ар дайым Ливандын жана ливандык боордошторубуздун жанында болобуз»,- деди.

«Стар» гезити «Француз гезити : Президент Эрдоган Жер Ортолук деңизде картаны кайрадан сызды» деген кабарында француз «Ле Фираго»  гезитинде  Президент Эрдогандын Фатих Султан Мехметке окшотулган бир кабар жарыяланганын билдирген. Кабарда Эрдогандын Ливиянын премьер  - министри Файиз ес  - Серраж менен Жер Ортолук деңизде картаны кайрадан сызгандыгы маалымдалган. Кабарда Серражды батыштык союздаштары жалгыз калтыргандан кийин Түркия менен келишүүгө мажбур болгону белгиленди.

«Сабах» гезити «Түркия Ковид  - 19 вакцинасын адамдарда сынай баштайт» деген маалыматында жаңы тип коронавирус эпидемиясында жергиликтүү вакцина жана дары – дармек  чыгаруу иштери ылдам түрдө улантылып жатканын билдирген. Түркия Илимий жана Технологиялык Изилдөө Кеңеши ТҮБИТАК вакцина чыгаруу эмгегинин жаныбарларда сыноодо маанилүү баскычка келди.  Вакцинаны адамдарда сыноо жакында башталат.  

«Ватан» гезити «Түрк экономикасы Ковид  - 19га карабастан өсүүдө» деген кабарында Европа Биримдиги  экономикасы жылдын экинчи чейрегинде 11, 9 пайыз, АКШ экономикасы да 32, 9 пайызга кичирейген болсо  Түркиянын экономикасы өсүүнү улантууда деп жазган. Түркиянын июль айындагы экспорту июнь айына караганда 11,5 пайыздык өсүү менен 15 миллиард 12 миллион доллар болду. Экспорт Ковид  - 19 эпидемиясынан мурунку деңгээлинен ашып 2020 – жылдын эң жогорку  көрсөткүчүнө жетти.

«Хабер түрк» гезити «Министр Албайрак : «Бардык экспортчуларыбызды куттуктайбыз» деген  макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын твиттер эсебинен июль айындагы экспорт сандары тууралуу маалымат бергенин жазган. Түркиянын июль айында 15 миллиард доллар экспортко жеткенин белгилеген Албайрак : «Бул 2020 -  жылдын эң жогорку көрсөткүчү болду. Бардык экспортчуларыбызды куттуктайбыз»,- деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар