Түрк басма сөзү- 30.07.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1464464
Түрк басма сөзү- 30.07.2020

«Сабах» гезити«Министр Акар: Ар ким Түркия Респбликасынын чыгарган чечимин урматташы керек» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «Аясофия мечитинин ибадатка ачылышы толугу менен Түркия Республикасынын эгемендик укуктарына кирет. Бул темада Түркия Республикасынын мекемелеринен тышкары эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок. Ар ким Түркия Республикасынын чыгарган чечимин урматташы керек»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити«Идлибден Түркияга ыраазычылык» аттуу маалыматында түрк аскеринин чечкиндүү мамилеси менен ырааттуулукка жеткен Идлиб тургундары тарткан видеосу менен Түркияга ыраазычылык билдирүүсүн жөнөткөнүн жазган. Видеодо бир сириялык буларды айтат: «Алар биз үчүн үй-бүлөсүн, өлкөсүн артка таштап бул жерге келишти, 3 жылдан бери ушул жерде. Буюрса абал мындан кийин дагы жакшы болот. Аскерлер бизге абдан жакшы мамиле кылып жатышат. Түрк аскерлери бул жерде улуу-кичүү дебестен ар кимге урмат сый көрсөтүшүүдө, бизге абдан жакшы мамиле кылышууда. Режеп Таййип Эрдоганга миң мертебе салам болсун».

«Хүррийет» гезити «Немис туризм журналынан Түркияга коронавирус мактоосу» аттуу маалыматында Германияда  чыккан туризм журналы «Touristik Aktuell», «safe tourism» иш-чараларынын алкагында сертификаттандырылган эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүргөн макаласында Түркиянын коронавируска карата чара көрүүлөрүнөн мактоо менен кеп кылганын баяндаган. Макалада Түркияда гигиена эрежелеринин абдан мыкты ишке ашырылганына көңүл бурулду.

«Ватан» гезити «Сүмела монастырынын таанытылышы үчүн интернет барагы даярдалды» аттуу маалыматында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Сүмела монастырынын таанытылышы максатында «sumela.gov.tr» аттуу интернет барагын даярдаганын жазган. «Анадолунун билинбеген эстеликтери жарыкка чыгууда» билдирүүсү менен киргендерди тосуп алган интернет барагында Сүмела монастырынын тарыхы, архитектурасы, рестоврация иштери тууралуу кеңири маалымат жана фотосүрөттөр галереясы орун алды.

«Стар» гезити «350 илимпоз орун алган 6G иштеринде 3 түрк илимпозу орун алууда» деген кабарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 350 илимпоз, 6G үчүн иштеп жатканын баяндаган. Финляндияда, Финляндия академиясы тарабынан түзүлгөн бул мекемеде Түркиядан дагы 3 илимпоз проф.др.Эрдал Панайыржы, доц.д-р Серхат Эркүчүк жана окутуучу, д-р Ялчын Сади орун алган.

 



Тектеш кабарлар