Түрк басма сөзү  29.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1463734
Түрк басма сөзү  29.07.2020

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Өзүбүз жана досторубуз үчүн күрөшүүнү улантабыз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Сирияда эзилген элдин муңуна үнсүз калбагандай эле, Ливияда да өлкөнүн мыйзамдуу башкаруусунун кызматташуу чакырыгын жоопсуз калтырбагандай эле Азербайжандын да мекенин коргоо аракеттерин ошол эле аң – сезим менен  колдошкондорун белгилегенин жазган. Эрдоган : «Өзүбүз жана досторубуз үчүн күрөшүү керек болсо эч тартынбастан күрөшөбүз»,- деди.

«Стар» гезити  «Баскынчы Арменияны колдогон күчтөргө билдирүү» деген кабарында Түркия менен Азербайжан өткөрө турган кенен масштабдуу биргелешкен аскердик машыгуунун Азербайжандын массалык маалымат каражаттарында кенен орун алганын билдирген. Кабарда Түркия менен Азербайжандын бул мезгилде өткөрүлгөн аскердик машыгуусунун баскынчы Арменияны колдогон күчтөргө карата билдирүү мүнөзүндө экени баса белгиленди. Машыгуу «Баку жана Анкаранын аскердик  союздаштык багытында мыкты кадамы» деп мүнөздөлдү.

«Йени шафак» гезити «Түрк дрондору Европа Биримдиги армиясында кызмат кылат» деген маалыматында алыстан сезүү технологиясы тармагында дрон өндүрүүдө ийгиликтүү болгон жергиликтүү өнөр жай фирмасы Ассуванын Кытай куралдуу күчтөрүнөн кийин эми Европа Биримдигине мүчө Греция армиясына кирүүгө даярданып жатканын жазган. Түрк фирмасынын Грециянын коргоо министрлиги менен түзгөн  келишими менен түрк өндүрүшү болгон 50 даана дрон үчүн алдына – ала кабыл алуу ишке ашты.

«Сабах» гезити ««Оруч Реис» Жер Ортолук деңизде ишин аткаруу үчүн даярданууда» деп жазган кабарында Чыгыш Жер Ортолук деңизде сейсмологиялык изилдөө иштерин аткаруу үчүн күтүп жаткан «Оруч Реис» кемеси 2 жумага созулган Жер Ортолук деңиздеги күтүүдөн кийин Анталия портуна якорь таштаганын белгилеген. Андан мурда Кара деңиз жана Мрамордо сейсмологиялык изилдөө иштерин аткарган кеме бир канча убакыттан бери Жер Ортолук деңизде ишин улантууда. «Оруч Реис» кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаңы сейсмологиялык изилдөө иштери үчүн күтүүдө.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын эң популярдуу 100 даамы» деген маалыматында дүйнөнүн төрт тарабынан тамак жасаганга ышкыбоз кишилер салттуу даамдарды алдыга чыгаруу үчүн чогулган TasteAtlas (Даамдардын атласы) сайтынын мүчөлөрү берген баалар менен ортого чыккан Түркиянын эң популярдуу 100 даамынын тизмеси жаңыланганын жазган. Сайттын колдонуучулары берген баа менен күн сайын өзгөргөн тизме көчө даамдарынан тарта өтмүшү Осмон сарайына чейин барган салттуу бир топ тамак  - аштан турат. Тизме түрк ашканасына кызыккандар үчүн абдан пайдалуу колдонмо.

 

 



Тектеш кабарлар