Түрк басма сөзү 28.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1463043
Түрк басма сөзү 28.07.2020

«Йени шафак» гезити «Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлаган. Сүйлөшүүдө Түркия  - Россия карым  - катнаштарын бекемдей турган кадамдар, Азербайжан  - Армения чыңалуусу менен Сирия жана Ливия маселелери, аймактык абалдар каралды. Эрдоган менен Путин эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык темаларда кызматташуу жана  диалогду улантуу боюнча макулдашышты.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Аясофия ибадат жери катары кызмат кылууну улантат» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Аясофияда кайрадан намаздын окулушу менен бир улуттун дээрлик кайрадан төрөлүшүнө күбө болушкандарын айтканын жазган. Эродоган : «Аясофиянын кайрадан ибадатка ачылышы өлкөбүздүн эгемендик укуктарын ишке ашыруунун акыркы мисалдарынын бири»,- деди. Эрдоган Аясофиянын ибадат жери катары кызмат кылууну улантарын белгиледи.

«Стар» гезити «Грек дин кызматкери : түрктөр болбогондо Аясофия куламак» деген маалыматында грек дин кызматкери Евангелос Папаниколаунун : «Аясофияны коргогон түрктөр болбогондо, Аясофия куламак»,- деп билдиргенин кабарлаган. Евангелос Папаниколау өткөн күндө түрктөрдүн Критте эч бир чиркөөнү жаппаганын бирок Грецияда көп сандаган монастыр менен чиркөөнүн жабылганын баса белгиледи. Папаниколау  : Аясофия сыяктуу чоң бир курулушту ким корумак эле? Түрктөр коруду»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Албайрак : экономикабыз кайрадан жогорулап жатат» деген кабарында Казына жана финансы министри Берат Албайрактын : «Экономикабыз акырындап жогорулап баратат. Ишеним индекстеринин июль айында айлык базада ; тейлөө тармагында  20,2 пайыз, чекене соодада 9,6 пайыз жана курулуш тармагында 11,6 пайызга жогорулашы кубантуучу. Түркия экономикасы тууралуу жүргүзүлгөн пессимисттик божомолдоолор дагы туура чыкпайт»,- деди.

«Ватан» гезити «Биржа Стамбулда жалпы индекс рекорду» деген маалыматында Биржа Стамбулдагы бардык акциялар эске алынуу менен Биржа Стамбулдун жалпы индексинин кечээ 1. 323, 16 баллга чейин көтөрүлүп бардык убактардын эң жогорку деңгээлине жеткенин белгилеген. Кечээ Биржа Стамбулдун жалпы индекси  0,53 пайызга жогорулады.

 



Тектеш кабарлар