Түрк басма сөзү 27.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1462518
Түрк басма сөзү 27.07.2020

«Стар» гезити «Эрдогандан билдирүүлөр» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Улуттук Чалгындоо Уюмунун Стамбул башкармалыгынын жаңы кызмат имаратынын ачылуу аземинде Аясофиянын ибадатка ачылышына көңүлдөрдү буруп : «Стамбулдун түрк жери экенин кабыл ала албагандар бар»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Улуттук коргоо министрлигинен Грецияга каршылык» деген макаласында Улуттук коргоо министрлигинин Грециянын Салоники шаарында түрк байрагынын өрттөлүшүн катуу айыптаганын билдирген. Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматында : «Бул жана ушуга окшогон кол салууларды дароо токтотушу керектигин эскертебиз. Даңктуу байрагыбызга ыплас колун тийгизгендердин колу сынсын»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Пандемия процессинде жашылча – жемиш жана мөмө экспорту 45 пайызга өстү» деген маалыматында Эгей жашылча – жемиш жана мөмө экспортчулар биримдигинин  бул жылкы экспорту 45 пайызга өсүп, 137  миллион долларга жеткенин жазган. Биримдиктин төрагасы Хайреттин Учак : «Алча экспортунда республика тарыхыбыздын рекордуна жеттик жана  ушул кезге чейин 212 миллион долларлык валюта киреше алдык»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Россиянын ортосундагы каттамдардын кайрадан башталышы орус туризм секторун кубантты» деген кабарында Түркия менен Россиянын ортосундагы учак каттамдарынын кайрадан башталышына байланыштуу чечимди кубануу менен кабыл алган орус туризм секторунун жетекчилери Түркия саякаттары үчүн билет издөөнүн 5 эсе өскөнүн билдиришкенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Туристтерге карата Ковид  - 19ду камтыган медициналык камсыздандыруу колдоого алынды» деген маалыматында маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпарслан чет элдик туристтер үчүн даярдалган жана жаңы тип коронавирусту да камтыган медициналык камсыздандырууга карата кызыгуунун болгонун айтканын белгилеген. Алпарслан туристтердин медициналык камсыздандырууну аба жол фирмаларынан билет алып жатып, распорт текшерүүдөн мурда аэропорттордо , онлайн жана тур операторлорунун жардамы менен сатып алууга болорун айтты.



Тектеш кабарлар