Түрк басма сөзү  7.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1450458
Түрк басма сөзү  7.07.2020

«Сабах» гезити «Чавушоглу Европа Биримдигине катуу каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Жосеф Борелл менен өткөрүлгөн биргелешкен пресс  жайында Европа Биримдигин катуу эскерткенин жазган. Чавушоглу : «Европа Биримдиги Түркияга каршы кошумча чечим чыгара турган болсо мунун жообун берүүгө мажбур болобуз. Бул да мселени чечүүгө салым кошпойт»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия апааттын жолун тосту! Париждин Анкараны күнөөлөшүнүн себеби...» деген маалыматында Британияда жарыяланган «Financial Times» гезити Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин эми Франция үчүн жүк болгонун, Париждин Анкараны күнөөлөшүнүн артындагы негизги себептин да Хафтерге ишенүү менен кылган жаңылыштыгын жабуу аракети экенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Германиядан Түркия билдирүүсү: кыска убакытта жоюлат» деген макаласында Германиянын туризм боюнча жооптуусу Томас Барея коронавирус эпидемиясынан улам Түркияга алып келинген саякат эскертүүсүнүн кыска убакытта жоюларын айтканын билдирген. Барея : «Эгер кырдаал жакшыра турган болсо, өткөн жумада жакшы болгон, ылдам түрдө ачылуу үчүн даярдана алабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркияда эмерек тармагы өсүп баратат» деген кабарында Түркия Эмерек өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Мустафа Балжынын эмерек экспортунда жаңы базардын Америка өлкөлөрү менен АКШ экенин айтканын билдирген. Өзгөчө дизайн жана сапатында Түркиянын маанилүү бир потнециалга ээ экенин белгилеген Балжы : «Ушунун негизинде өтөн жылы АКШга 200 миллион доллар болгон экспортубузду 1 миллиард долларга чыгарууну максат кылуудабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити  «Космостон тартылган Анкара бир миллиондон ашуун киши тарабынан жактырылды» деген маалыматында Эл аралык космостук станциясынан Анкаранын фотографиясын тарткан АКШнын Авиация жана космос агенттиги НАСА фотографияны соцтармакта жарыялаганын белгилеген. НАСАнын инстаграм эсебинен жарыяланган билдирүүдө борбор шаардын түнкү сааттарда космостон тартылган көрүнүшү менен «Анкара Түркиянын жүрөгү, карңгы түндө жана космосто жаркылдайт» деп жазылды. Фотографияны бир миллиондон ашуун киши жактырган.

               



Тектеш кабарлар