Түрк басма сөзү 02.07.2020
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Астана саммитинен кийин Түркия, Россия жана Ирандан биргелешкен Сирия билдирүүсү» деген кабарында Түркия - Россия федерациясы - Иран үчтүк видеоконференция саммитинен кийин мамлекет башчылары тарабынан кечээ биргелеше билдирүү жарыяланганын жазган. Билдирүүдө Сириянын жеринин бүтүндүгүнө басым жасалды. Идлиб келишимдеринин турмушка ашырылары жана тынчтыктын түзүлөрү белгиленди.
«Хабер түрк» гезити «Түркия Түштүк Чыгыш Европа Биримдиги процессинин 2020 – 2021 кезекшеткен башкаруучулугун өткөрүп алды» деген макаласында тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Өлкөбүз иштерин Түштүк Чыгыш Европа Биримдиги процессинин негизги принциптери болгон «аймактык ээ чыгуу» жана «кенен камтуучулуктун» негизинде жүргүзөт»,- деп билдирилгенин жазган.
«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Европа Биримдигинин саякат чектөөсүнө каршылык : көңүл калуучулук жаратты» деген жазуусунда тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун саякат чектөөлөрүнө байланыштуу Европа Биримдигинин сунуш чечиминде Түркиянын орун албаганына байланыштуу : «Европа Биримдигине мажбур болбогон саякат чектөөлөрүнүн 2020 - жыл 1 – июлдан тарта жоюлушу сунуш кылынган үчүнчү өлкөлөргө байланыштуу кабыл алынган тизмеде Түркияга орун берилбешинен көңүл калуучулук болду. Бул жаңылыштыктын эң кыска убакытта оңдолушун күтүп жатабыз»,- дегенин билдирген.
«Стар» гезити «АКШдан Ф - 35 билдирүүсү : түрк фирмалары менен иштөөнү улантабыз» деген кабарында АКШнын коргоо министрлиги Биргелешкен чабуул коючу учак Ф - 35тин кээ бир бөлүкчөлөрү үчүн 2022 – жылга чейин түрк фирмалары менен иштөөнү улантарын маалымдаган.
«Хүррйет» гезити «Украиналыктар эс алуу үчүн Түркияга келди» деген маалыматында Түркия менен Украинанын ортосунда Ковид - 19 чараларынын негизинде токтотулган каттамдардын башталышы менен ичинде 189 турист болгон учактын кечээ Анталия аэропортуна конгонун билдирген. Эпидемиядан улам катуу чаралар көрүлгөн аэропортко келген туристтер : «Түркияны сагындык, салам Түркия»,- деп термалдык камералардан өтүштү.