Түрк басма сөзү 30.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1445980
Түрк басма сөзү 30.06.2020

«Йени шафак» гезити "The Independent: Франция, Ливия тууралуу Түркияны күнөөлөп күлкүлүү абалга түштү" деген макаласында дүйнөлүк коомчулук көптөгөн жылдардан бери Ливияда колдоо көрсөткөн козголоңчу Хафтердин жеңилүүгө учурашы менен ойлогон оюу оңунан чыкпай Түркияга кыжырданып, жаңылыштыгын жаап – жашырууга аракет кылган Франциянын абалынан сөз кылып жатканын жазган. "The Independent" гезити да  жарыялаган бир макаласында : «Француз жетекчилер Ливия саясатын жактоо үчүн Түркияны күнөөлөп, күлкүлүү абалга түшүп жатат»,- деп билдирди.

«Стар» гезити Венгриянын тышкы иштер министри Түштүк Кипр менен Европа Биримдигине чектөө киргизди» деген кабарында Венгриянын тышкы иштер министри Петер Шияртонун Түштүк Кипр сапарында Европа Биримдигине мүчө бир топ өлкөнүн Түркия тууралуу коомчулуктун алдында башка, жабык каалгалар артында башка сүйлөгөнүн белгилеп : «Түркия – Европа Биримдиги карым  - катнаштарындагы эң чоң маселе Түркияга карата эки жүздүү мамиле кылышы»,- деди.

«Ватан» гезити «Министр Албайрак : Түркиянын экономикасына ишеним артып баратат» деген маалыматында казына жана финансы министри Берат Албайрактын : «Түркиянын экономикасына карата ишеним артып баратат. Апрель айында 51, 3 пайыз болгон Экономикалык Ишеним Индекси май айында 61, 7 пайызга, июнда болсо 73, 5 пайызга жогорулады. 2020 – жылды бул көрсөткүч менен улантып келерки жылы муну дагы да алдыга жылдырабыз»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү жана улуттук электрдүү поезд рельстерде» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын жергиликтүү жана улуттук электрдүү поезддин рельстерде экенин жана айдоо тестинин башталарын айтканын белгилеген. Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу да поезддин бул жылдын акырында рельсте болорун жана кыска убакытта жүргүнчү ташый баштай турган билдирди.

«Хүррйиет» гезити «Үч өлкөгө логистикалык борбор» деп билдирген кабарында пандемия  процесси менен бирге дүйнөдө е – сооданын чоң ылдамдыкка жеткенин белгилеген транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун : «Британия, Германия жана Россияда е -  соода кампаларын куткарабыз. Максатыбыз е – соода платформабызды аймактагы эң чоң 5 актердун бирөөсү кылуу»,- дегенин жазган. 

 



Тектеш кабарлар