Түрк басма сөзү-22.06.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1440568
Түрк басма сөзү-22.06.2020

«Стар» гезити «Президенттик аппараттын катчысы Калын:Ливияда ок атпоо туруктуу болушу керек» аттуу маалыматында президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Ливияда ок атпоонун туруктуу болушу керектигин белгилегенин баяндаган. Бириккен Апраб Эмирликтеринин (БАЭ) согушту финансылаганын белгилеген Калын, БАЭнин Араб-Ислам дүйнөсүндөгү ролунан улам Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы кылып жаткан мамилесинин «дөдөйлүк» болгонун айтты.

«Ватан» гезити «Түркия эзилгендердин жанында болуусун улантат» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын Түркиянын ар дайым эзилген калктардын жанында болгонун белгилегенин маалымдаган. Министр Албайрак, 21-Июнь Дүйнөлүк качкындар күнү этикеткасы менен социалдык медиа барагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «Бүткүл дүйнө баш калкалоочулардан баш тартса дагы биз баш тартпайбыз. Чек ара капкаларында жардамга муктаж качкындарды ачка жана ачарчылыкта калтыргандар, эзилгендердин убалына калышат. Түркия ар дайым эзилгендин, муктаждын, баш калкалоочунун жанында болуусун улантат»,-деп бөлүштү.

 «Хабер түрк» гезити «Аэропортторду орто эсеп менен 1,5 миллион киши колдонду» деген кабарында Түркиянын коронадан кийин калыбына келүү процессинин алкагында 15-июнда 9 өлкөдө, 15 жерге тышкы каттамдарын баштаганын маалымдаган. Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталган күндөн бери таасирдүү чаралар кылдат ишке ашырылган Түркиянын аэропортторуна конуп-учкан учак саны ички каттамдарда 14 миң 693, тышкы каттамдарда 3 миң 872 болуп жалпы сан 18 миң 565 болду. Орто эсеп менен 1,5 миллион жүргүнчү аэропортторду колдонду.

«Хүррийет» гезити «Атамекендик автомобиль 2022-жылы жолдордо болот» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын атамекендик автомобилдин 2022-жылдын акырында жолдо боло турганын жарыялаганын баяндаган. Варанк атамекендик автомобилдин  жасап чыгарылышы үчүн жакынкы убакта ишкана пайдубалдарынын түптөлө турганын, марка жана базарга чыгаруу тууралуу пландар түзүлө турганынын маалыматын берди.

«Йени шафак» гезити «Түрк илимпозуна 400 миң доллардык изилдөө сыйлыгы тапышырылды» аттуу маалыматында АКШнын Гарвард университетинде химиялык биология жана молекулярдык фармакалогия бөлүмүндө эмгектерин улантып жаткан д-р Гейлани Жандын АКШнын Рак изилдөө мекемеси жана Англиянын Рак изилдөө иниституту тарабынан уюштурулган сынакта, жаш илимпоздорго берилген 400 миң доллар суммасындагы «Трансатлантика изилдөө» сыйлыгынын ээси болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар