Түрк басма сөзү-10.06.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1433051
Түрк басма сөзү-10.06.2020

«Йени шафак» гезити «Түркия ылдам калыбына келүүдө» аттуу маалыматында Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында калыбына келүү уланып жатканын маалымдаган. Буга караганда 65 жаштан жогоркулар аптанын ар күнү 10:00-20:00 сааттарынын аралыгында тышка чыга алышат. 18 жашка чейинкилер ата-энесинин коштоосунда каалаган убакта чыга алышат. Ашакана, кафе жана кыраатканалардын жабылыш сааттары 22ден 24кө узартылды. Кино, театр сыяктуу маданий борборлор белгилүү эрежелер менен 1-июлдан тарта иштей баштайт. Нике залдары 15-июндан, той залдары болсо 1-июлдан тарта кызматын баштайт.

«Ватан» гезити «Чавушоглу; 125 өлкөнүн жардам суранычын камсыздадык» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун коронавирус процессинде Түркиянын башкаларга жардам жеткирүү темасында эрте кыймыл кылганын айтып, ушул убакка дейре 125 өлкөнүн жардам суранычын камсыздагандарын, жардам иштерин уланта тургандарын айтканын баяндаган. Чавушоглу, мигрант маселеси темасында болсо «Муну өзүбүз жалгыз көтөрө албайбыз. Колдошууга муктаждыгыбыз бар»,деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Ливияда сөз ээси Түркия» аттуу кабарында АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары Мэтт Бризанын Ливия армиясынын козголоңчу Хафтер террористтерине каршы аянтта ийгиликтүү жыйынтыктарды ала баштоосуна байланыштуу, «Түркия эми Ливияда сөз ээси. Үстөмдүк кылуучу күч Түркия. Менимче жасаган иштери менен мактоого ылайыктуу өлкө»деген серебин салганын маалымдаган. Бриза, Хафтердин болсо Ливияны бөлүүгө жана  басып алууга аракет кылганын белгиледи.

«Стар» гезити «Түркия адилеттиктин жана эзилгендердин жанында болууну тандады» аттуу маалыматында Катардын Анкарадагы элчиси Салим Мүбарек Ал Шафинин 2017-жылдын 5-июнунда Доха менен карым-катнаштарын үзгөн Сауд Арабия, БАЭ,Бахрейн жана Египеттин өлкөсүнө киргизген блокадасынан бери 3 жыл өткөнүн белгилегенин маалымдаган. Катардык элчи, «Түркия, блокадага каршы өзүн жаман ниеттүү блоктордон алыстатып, принциптерине ылайыктуу адилеттиктин жана эзилгендердин жанында болууну тандады. Түркиянын тандоосу, позициясы жана саясаттарына дал келген эр жүрөктүү тандоо болчу. Түркиянын бул мамилесин мактоо менен баа берүүдөбүз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чет элдик инвесторго жетүү жеңилдиги» аттуу маалыматында Стамбулдун финансы борбору максаттарынын алкагында капитал базарларынын эл аралык стандарттарга шайкештигине карай кадамдар уланганын баяндаган. Казына жана каржы министрлигинин борбору Бельгияда орун алган Euroclear Bank менен түзгөн кызматташтыгынын негизинде чет элдик инвесторлор, өлкө ичиндеги банкатарда эсеби болбосо дагы Түрк лирасы(TL),, валюта жана алтын түрүндөгү облигацияларга дагы оңой жете алат. Бул кызматташтыктын негизинде Түрк облигацияларынын ар башка эл аралык базарларда кепилдик катары кабыл алынуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт.



Тектеш кабарлар