Түрк басма сөзү 22.05.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1421584
Түрк басма сөзү 22.05.2020

«Хүррийет» гезити «Чоң оорукананын ачылышында президент Эрдогандан билдирүү» деген кабарында Стамбул Башакшехир Чам жана Сакура шаар ооруканасынын кечээ тейлөөгө ачылганын жазган. Оорукананын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн президент Р. Т. Эрдоган : «Бул жер саламаттык сактоо туризиминде Түркиянын эң көрүнүктүү жерлеринин бири болот. Элибизге жана Стамбул аэропортуна жакын болушу менен чет элдик конокторубузга да кызмат кылат. Бул эми Стамбулдун эл аралык саламаттык сактоо борбору дегенди билдирет»,- деди.

«Сабах» гезити  «Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтун The Washington Timesка макала жазды» деген маалыматында  коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун The Washington Times гезити үчүн «Түркиянын стратегиясы коронавирус эпидемиясынын жүрүшүн өзгөрттү» деген макала жазганын белгилеген. Алтун Түркиянын коронавирус менен күрөшүнөн сөз кылган макалада : «Саламаттык сактоо боюнча ишке ашырган реформалар менен инвестициялардын натыйжасында дагы көп кишинин саламаттык сактоо тейлөөсүнөн пайдаланышынын жолун ачтык. Натыйжада саламаттык сактоо системабыз башка өлклөрдө болгондой эзүүчү бир кысым менен бетме  - бет келген жок»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Хафтерге каршылык» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Ливияда түрк кызыкчылыктары бутага алына турган болсо мунун абдан оор жыйынтыгы болорун белгилегенин билдирген. Хами Аксой : « Козголоңчу Хафтер элементтерин мыйзамдуу бута кыларыбызды дагы бир жолу эске салабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия менен Грециянын ортосунда кызматташуу» деген маалыматында маданият жана туризм министрлиги коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө калыбына келүү процессинин кадамдарынын ташталышынан кийин туризмде эң көп турист жиберген өлкөлөр менен байланышты ылдамдата баштаганын жазган. Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсойдун Грециянын туризм министри Харис Теохарис менен өткөргөн сүйлөшүүдө Эгей деңизинин ишенимдүү бир жер катары алдыга чыгарылышы тууралуу таанытуу иш чарасынын жүргүзүлүшүнө чечим чыгарылды.

«Стар» гезити  Мармарай аркылуу өтө турган биринчи экспорттук блок поезди Сакариядан жолго чыгат» деген кабарында  Түркияда өндүрүлгөн автомобиль бөлүкчөлөрүн  жана үй эмеректерин ташыган Мармарайдан өткөн биринчи экспорттук блок поезди Сакариянын Арифие поезд станциясынан жолго чыкканын билдирген.
Кылымдын долбоору Мармарайды колдонуу менен түздөн түз Европага бара турган поезд Анадолунун Европага кеткен биринчи экспорт поезди болду.



 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар