Түрк басма сөзү-27.04.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1406277
Түрк басма сөзү-27.04.2020

 

«Хүррийет» гезити «Швецияда дарыланбаган Түркия жараны Анкарада» аттуу маалыматында Швециянын Мальмё шаарында  жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) тести позитив болуп чыкканына карабастан дарыланбастан үйүнө жөнөтүлгөн 47 жаштагы Эмруллах Гүлүшкен, үч баласы Эсма, Самира жана Махмут менен бирге Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам учагы менен Түркияга алып келингенин жазган. Эмруллах Гүлүшкен жана балдарын ташыган тез жардам учагы кечээ Түркия убактысы боюнча саат 13.40да Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конуп, Эмруллах Гүлүшкен жана балдары тез жардам унаасы менен Анкарадагы оорукана шаарчасына жеткирилди.Саат 06:00да башталган операцияда 7 саат 40 мүнөткө созулду.

«Хабер түрк» гезити «Түркия коронавирус менен күрөшүүдө чет өлкөдөгү атуулдарын да колдойт» атуу маалыматында Коронавирус пандемиясына каршы көргөн чаралары менен кеңири жайылган жана жетилсе боло турган саламаттык сактоо тейлөөлөрү менен мактоого арзыган Түркиянын чет өлкөдөгү атуулдарын да жалгыз калтырбаганын жазган. Өз атуулдарын дарылай албай кыйналып жаткан Европа баш болгон дүйнөнүн төрт тарабындагы түрктөр ийиликтүү операция менен Түркияга алып келинди. Өлкөбүзгө алып келинген атуулдардын саны 40 миңден ашты.

«Йени Шафак» гезити «Саламаттык сактоо министри Кожа бөлүштү; өлкөм менен сыймыктанам» аттуу маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын кечээ Твиттер барагынан Стамбулдагы Окмейданы, Анкара, Кайсери жана Башакшехир оорукана шаарчаларынын фотосүрөттөрүн бөлүшүп, «Жакынкы убакта эч бир өлкө саламаттык сактоого мынчалык көңүл бурган жок. Өлкөм менен сыймыктанам»,дегенин баяндаган.

 «Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунун маанилүү операциясы» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору кечээ Дүйнөлүк учкучтар күнүндө Черногориянын Подгорича шаарынан жасаган эвакуациялык катамы менен 153 атуулун Түркияга жеткиргенин жазган. Атайын күндө ишке ашырылган каттамда учуу тобу, анонстору менен коронавирустан каза тапкан кесиптештерин да эскерди.

«Стар» гезити «УКМ;Кыймылга даярдык машыгуулары Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде ишке ашырылды» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Деңиз күчтөрү командирлигинин Кыймылга даярдык машыгууларынын 22-24-апрель күндөрүнүн аралыгында Эгей деңизи жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде ишке ашырылганын жарыялаганын маалымдаган. Машыгууларга 27 даана согуштук кемеси, деңиз күзөт учактары, тик учактар, учкучсуз учуучу аппараттар катышты.



Тектеш кабарлар