Түрк басма сөзү-20.04.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1401966
Түрк басма сөзү-20.04.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдаган. Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгы тарабынан берилген маалыматка караганда эки лидер жаңы типтеги коронавирус  Covid-19 пандемиясына каршы экономикалык кызматташтык темасында макулдашты.

«Ватан» гезити «Улуттук коргоо министрлигинен коронавирус дарысы боюнча билдирүү» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында дары өнүктүрүү долбоору боюнча иштеп жаткандарын жарыялаганын маалымдаган. Министрликтен келген маалыматтандырууда «Өрнөк чийки зат менен изилдөө-өнүктүрүү иштерин баштады, дары өнүктүрүү долбоорубуз TÜBİTAKка жеткирилди»,делди.

«Йени шафак» гезити «Испания Түркияга ыраазычылык билдирүүдө» аттуу маалыматында Түркиянын кыйын күндөрдү өткөрүп жаткан Испания калкын жалгыз калтырбаганын жана бир учак толтура медициналык жардам жөнөткөнүн баяндаган. Испаниянын сүйүлгөн искусство чебери Моника Молина: «Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ушул оор күндөрдө бизге жардам бергенин көрүү бизди кубандырат. Бул Түркия калкынын Испанияга карата жоомарттыгынын жана сүйүүсүнүн белгиси болуп саналат»,-деди.

«Стар» гезити «Англия;Түркиядан жаңы жардам келишин күтүп жатат» аттуу маалыматында Англияда коронавирус пандемиясынын себебинен болуп жаткан кыйынчылыктын себебинен саламаттык сактоо кызматкерлеринен бир жолу колдонулуучу комбинезондордун жуулуп кайрадан колдоунулушу талап кылынып жатканда отурукташуу, коомчулуктар жана жергиликтүү башкаруулар министри Роберт Женриктин Түркиядан жаңы жардам келишин күтүп жаткандарын айтканын баяндаган. Женрик, жардам партиясында 400 миң фартук да арасында орун алган 84 тонналык чоң жеке коргонуучу каражаттар экенин белгилеп өттү.

«Сабах» гезити «Келээрки жазды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз» аттуу маалыматында Измирдин Газиемир районунда коронавирус пандемиясынын себебинен ишке ашпаган эл аралык балдар шаң шапатына катыша албаган кытайлык балдар видео билдирүү менен 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамын куттуктаганын жазган.



Тектеш кабарлар