Түрк басма сөзү-09.04.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1394741
Түрк басма сөзү-09.04.2020

 

«Стар» гезити «Президент Эрдоган, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен сүйлөштү» аттуу маалыматында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын  Кытай Эл Республикасынын Мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдаган. Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, телефондогу сүйлөшүүдө  жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) менен күрөшүү боюнча кызматташтык темалары жана эки тараптуу карым катнаштар каралды.

«Хүррийет» гезити «Фахреттин Алтундун эл аралык кызматташтык билдирүүсү» аттуу маалыматында Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун Түркиянын дүйнө жүзүнө тынчтыктын, кызматташтыктын, колдошуунун өкүм сүрүшүн каалганын айтканын баяндаган. Коммуникация башкармалыгынын «Ковид-19 тажрыйбалары жана пандемияга каршы күрөштө эл аралык кызматташтык» аттуу видео конференциясынын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Алтун: «Глобалдык пандемия убагында мамлекеттер аралык карым-катнаштарда эрежелерди бузуу күч алганда дагы өз атуулдарыбызды коргоого аракет кылып жатканда муктаж өлкөлөргө сыртыбызды салбообуз бул абалдын эң так көрсөткүчү болуп саналат»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркиянын жардамдары Балкан өлкөлөрүнө жетти» аттуу маалыматында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максаты менен Түркиянын Балкан өлкөлөрүнө жөнөткөн медициналык жардам каражаттарын ташыган жүк ташуучу учагы Босния-Герцеговина, Сербия жана Македонияга конуп ар бир өлкөнүн муктаждыгы болгон каражаттарды тапшырып бергенин жазган. Сөз болгон өлкөлөрдө жардамдарды өткөрүп алган министрлер өз билдирүүлөрү менен Түркияга ырахматын айтышты.

«Ватан» гезити «Министр Албайрак;Экономикабызды күчүндө кармайбыз» аттуу маалыматында  казына жана каржы министри Берат Албайрактын коронавирус пандемиясынан кийин жарала турган жаңы дүйнө тартибинде эң күчтүү түрдө орун алыш үчүн дагы көп эмгектене тургандарын жарыялаганын баяндаган. Албайрак, Твиттер барагынан берген жарыясында, «Алгач бул пандемиядан ашып өтөбүз. Муну жасап жатканда экономикабызды, өндүрүшүбүздү күчтүү кармайбыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Кытайга кургатылган өрүк экспорту 125 пайызга артты» аттуу маалыматында Кытайга кургатылган өрүк экспорту 2019 -  жылдын августунан 2020 -  жылдын мартына чейин 125 пайызга өсүп, 2 миллион доллардан 4 жарым миллион долларга жогорулаганын маалымдаган. Эгей кургатылган мөмө экспортчулар биримдигинин төрагасы Бирол Желеп берген жазуу түрүндөгү маалыматында Түркиянын кургатылган өрүктү тышка сатуу башталган 2019 -  жылдын  1 -  августунан 2020 -  жылдын 30 -  мартына чейинки мезгилде 76000 тонна продукция экспорттолуп 197 миллион доллар киреше түшкөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар