Түрк басма сөзү-25.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1384796
Түрк басма сөзү-25.03.2020

«Хабер түрк» гезити «Президент Режеп Таййип Эрдогандан коронавирус билдирүүсү» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын социалдык медиа барагы Твиттерден Президенттик кабинет мүчөлөрү менен телеконференция ыкмасы менен өткөргөн сүйлөшүүсүн бөлүшкөнүн маалымдаган. Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүү боюнча бардык мекеме жана уюмдардын иштерин кылдат байкап жаткандарын, кадамдарын координациялуу түрдө таштоону уланткандарын билдирди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук вакцина чыгаруу үчүн старт берилди» деген маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) вакцинасын чыгаруу  үчүн старт берилгенин айтканын баяндаган. Кожа: «Министрлигибиздин Вакцина институту Covid-19га  каршы эмгектене баштады. Үмүттү арттыруучу ар бир илимий аракетти колдойбуз. Каржы министрлигибиз фонд түзүүгө даяр»,-деди.

«Сабах» гезити «Илимий кеңештин мүчөсү Йаманел;Түркия үчүн ылдам айыгуулар болушу мүмкүн» аттуу маалыматында Саламаттык сактоо министрлигинин Коронавирус боюнча илимий кеңешинин мүчөсү проф.Д-р Левент Йаманелдин Кытайдан алып келинген дарынын коронавирус бейтаптары үчүн колдонула баштаганын билдиргенин баяндаган. Йаманел: «Учурда жаңы колдоно баштадык. Бул дарылардын колдонулуусунан кийин дагы ылдам айыгуулар болушу мүмкүн. Таасирдүү дары экенин билебиз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк илимпоздору өнүктүргөн комплект 10-20 мүнөттө анализ чыгарат» аттуу маалыматында Анкарада бир биотехнология фирмасы тарабынан өнүктүрүлгөн анализ комплектиси 10-20 мүнөттүн ичинде анализ чыгара алаарын маалымдаган. Румыния баш болгон ар түрдүү өлкөлөргө таанытуу жасагандарын жана комплектини жөнөткөндөрүн белгилеген изилдөөчү доктур жана генетика инженери Сенем Шимшек, анализ комплектисин Европа өлкөлөрү менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жөнөткөндөрүн белгиледи.

«Стар» гезити «Улуттук коргоо министрлигинде коронавирус менен күрөшүү борбору түзүлдү» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлигинде бөлүк жана штабдарда эпидемияга тиешелүү алдын алуу иштери башкарылып байкалган Коронавирус менен күрөшүү борбору түзүлгөнүн баяндаган. Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Мехметчиктин коопсуз болушу үчүн күнү-түнү дебестен аракет кылып жатабыз. Ушул убакка дейре кандайдыр бир жуктуруп алган эч ким катталган жок, мындан ары дагы эч бир жуктуруууга мүмкүнчүлүк бербестен милдеттерибизди аткарабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар