Түрк басма сөзү-09.03.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1374859
Түрк басма сөзү-09.03.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын Грецияга чакырык салуусу;Сиз дагы каалгаларыңызды ачыңыздар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 8-Март Дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам Стамбулдагы Халич конгресс борборунда уюштурулган «Түркиянын баатыр аялдары» программасында сүйлөгөн сөзүндө Грецияга чакырык салып, «(Биз каалгаларды ачтык) Сиз дагы ачыңыз. Барышсын берки Европа өлкөлөрүнө. Биз сизге бул ушундай улана берсе каалгаларды ачабыз дегенбиз, сиз ишенген жоксуз. Адилеттүү жүк бөлүшүүнү каалайбыз. Биз буга өнөктөш издөөдөбүз, бизде дагы деле 3,5 миллион качкын бар, 1,5 миллиону да каалгабызга келди»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркиянын коронавируска каршы жүргүзгөн күрөшү дүйнөгө үлгү болду; 26 өлкө Түркиядан жардам сурады» аттуу маалыматында Түркияда ийгиликтүү жүргүзүлгөн жаңы тип коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы менен күрөшүүсү бир топ өлкө тарабынан кылдат байкалып жатканы баяндалды. Ушул алкакта өлкөлөр Саламаттык сактоо министрликтери жана борбор шаар Анкарадагы элчиликтери аркылуу маалымат жана тажрыйба бөлүшүү, материалдык жардам менен биргелешип иштөө өтүнүчүн кылды. АКШ, Англия, Италия, Иран баш болгон 26 өлкө Түркиядан кызматташтык кылууну суранды.

«Сабах» гезити «Стамбулга 1,5 миллион турист алып келе турган Галатапорт аяктап калды» аттуу маалыматында Галатапорт крейсер порт долбоору салынып бүткөнү калганын маалымдаган.Апрель айынын ичинде алгачкы крейсер кемесинин жакындашы пландалган долбоор менен жыл сайын 1,5 миллион крейсер кеме жүргүнчүсүнүн тосулушу күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропортун кыш мезгилинде 15 миллион жүргүнчү колдонду» аттуу маалыматында декабрь, январь жана февраль айларын камтыган кыш мезгилинде 101 миң 285 ички жана тышкы каттамдар ишке ашкан Стамбул аэропортунан жалпы 15 миллион 159 миң 968 жүргүнчү саякат калганын маалымдаган. Бул мезгилде жасалган каттамдардын 24 миң 227си ички каттам, 77 миң 58и тышкы каттам болгон.

«Ватан» гезити «Түркия качкындардын балдарын эмдеди» деген кабарында Эдирнеде Европа кыялдануусу менен жол тарткан качкын үй-бүлөлөрдүн балдары эмделгенин маалымдаган. Пазаркуле чек ара капкасындагы бейтарап аймакта күтүүлөрүн уланткан баш калкалоочу үй-бүлөлөр Эдирненин Саламаттык сактоо мүдүрлүгүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан маалыматтандырылды. Баш калкалоочу үй-бүлөлөрдүн 0-15 жаш курагындагы балдары кызамык жана шал оорусуна каршы эмделди.



Тектеш кабарлар