Түрк басма сөзү 14.02.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1359534
Түрк басма сөзү 14.02.2020

«Стар» гезити  «Түндүк Македонияда эң көп жактырылган дүйнө лидери президент Эрдоган болду» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын Түндүк Македонияда жүргүзүлгөн анкета сурамжылоосунун жыйынтыктарына караганда «эң көп жактырылган дүйнө лидерлери» тизмесинде биринчи орунду алгандыгын жазган. Катышуучулардын 60 пайызы президент Эрдоган тууралуу ойлорун билдирген.  «Түндүк Македонияда эң көп жактырылган дүйнө лидери президент Эрдоган болду» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын Түндүк Македонияда жүргүзүлгөн анкета сурамжылоосунун жыйынтыктарына караганда «эң көп жактырылган дүйнө лидерлери» тизмесинде биринчи орунду алгандыгын жазган. Катышуучулардын 60 пайызы президент Эрдоган тууралуу ойлорун билдирген.

«Йени шафак» гезити «Акар : кошумча бөлүктөрдү жиберип аянтты текшерүүгө алабыз» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО жыйыны үчүн барган Брюсселде Сириянын Идлиб аймагындагы кол салуулар тууралуу «Идлибде ок атышпоону туруктуу абалга алып келүү үчүн кошумча бөлүктөрдү жиберүүдөбүз, аянтты текшерүүгө алабыз. Идлибде радикалдар жана башка ок атышпоого баш ийбегендерге каршы күч колдонулат, бардык чаралар көрүлөт»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «21 айдын рекордуна жетти» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк декабрь айында өнөр жай өндүрүшүнүн жылдык 8,6 пайыз өскөндүгүн белгилеп : «21 айдын рекордуна жетти. Муну туруктуу абалга алып келүүгө, өндүрүштүн жол башчылыгында өнүгүшүнө көңүл буруудабыз. Өсүү ылдамдаган, реалдуу сектор күчтөнгөн, жумуш менен камсыз кылуу жогорулаган бир жыл үчүн иштеп жатабыз»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Стамбул аэропортунда балдар үчүн коляскалар акысыз» деген маалыматында Стамбул аэропортунда ички жана тышкы каттамдар терминалына кирүү жана чыгуу кабатына  балдар үчүн коляскалардын балалуу үй  - бүлөлөрдүн пайдалануусу үчүн коюлганын бидирген. Балдар үчүн коляскалар акысыз пайдаланылат.

«Хүррийет» гезити «Мыйзам тышы жолдор менен чыгарылган 2 чыгарма Түркияга алып келинет» деген кабарында маданият жана туризм министрлиги тарабынан мыйзам тышы жолдор менен өлкөдөн чыгарылган Ыспарта тектүү Сидамара моделиндеги саркофаг менен биздин заманга чейинки 2 – 3  миңинчи жылдарга катталган араба моделинин 15 -  февралда Британиядан Түркияга алып келинерин жазган.



Тектеш кабарлар