Түрк басма сөзү-27.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1348365
Түрк басма сөзү-27.01.2020

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан Элазыг жер титирөөсү тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдгандын кечээ Алжирге сапарынын алдында Стамьулдагы «Ататүрк» аэропортунда маалымат жыйын өткөргөнүн жазган. Эрдоган Элазыгдагы жер титирөө тууралуу акыркы абал боюнча маанилүү маалыматтарды берип, «Мамлекетибиз жер титирөө болгондон тарта бардык мекемелери жана мүмкүнчүлүктөрү менен атуулдарга жардам берүүдө»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Вице-президент Фуат Октай; аянтта абдан професионалдуу иш-аракеттер бар» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октайдын жер титирөө болгондон тарта Түркиянын апаат менен күрөшүү планынын(TAMP)  алкагында иштердин ылдам түрдө ишке ашырылганын белгилеп өткөнүн баяндаган. Апаат жана курч кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын(AFAD)  Кризисти координациялоо борборундагы тийиштүү кызматкерлерден жер титирөө аймагындагы иштер тууралуу маалымат алган Октай, AFADтын иштерине ыраазачылыгын билдирип, «Жер титирөө болгон аймакты ар тараптуу кароодобуз. Аянтта абдан профессионалдуу иштер жүрүп жатат»,-деди.

«Сабах» гезити «Ички иштер министри Сүлейман Сойлунун жер титирөө боюнча маалымдоосу» деген кабарында Ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Элазыгда болгон 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу кечээ маалымат бергенин баяндаган. Сойлу көчкүнүн асмтында калган 45 кишинин аман-эсен куткарылганынын маалыматын берди. Министр Сойлу жер титирөө аймагына 10 миңден ашуун чатыр өткөрүлгөнүн да айтты.

«Стар» гезити «Түркиянын темир жолу транспортунун экспорту 147 пайызга артты» деген маалыматында Түркиядан 2019-жылы жасалган темир жол транспортунун экспорту, мурдагы жылга караганда 147 пайызга артканын жазган. Улудаг автомобиль индустриясынын эспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда 2018-жылы 27 миллион 634 миң доллар болгон автомобиль секторунун астыңкы топторунан темир жолу транспортунун экспорту 2019-жылы 68 миллион 457 миң доллар деп белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Жеди Османдан жер титирөөдө жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү» деген маалыматында Американын Баскетбол лигасында(NBA)  Кливленд Кавальерс фопмасын кийген улуттук баскетболчубуз Жеди Османдын Элазыгдагы жер титирөөдөн жабырлануучулар үчүн жардам чогултуу акциясын уюштурганын маалымдаган. Кливленд Кавальерс-Чикаго беттешүүсүндө салына турган ар бир 3түк үчүн 100 доллар багыштай турганын жарялаган Жеди, андан соң бул санды 200 долларга чыгарды. Бир топ атактуу ысымдар катышкан жардам чогултуу акциясында 385 миң лира топтолду.

 



Тектеш кабарлар