Түрк басма сөзү-22.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1345479
Түрк басма сөзү-22.01.2020

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу; ЕБ четтетүүчү эмес камтуучу болушу керек» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында «Батыш Балкан дипломатиясы диалогу» жыйынына катышканын жазган. Чавушоглу: «Бир эле убакта Балкан өлкөсү катары Балкандын бакубаттыгына, ал жердеги туугандарыбыздын тынчтыгына чоң маани беребиз. Европа Биримдиги аймак өлкөлөрүнө берген убадаларын орундатышы зарыл. Четтетүүчү эмес, камтуучу болушу керек» деп сереп салды.

«Хабер түрк» гезити «Орусиянын коргоо министри Шойгу, улуттук коргоо министри Акар менен сүйлөштү» аттуу маалыматында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен  улуттук коргоо министри Хулуси Акардын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Телефондогу сүйлөшүүдө Идлиб жана Ливия баш болгон Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы акеыркы абал тууралуу пикир алмашуу болду.

«Сабах» гезити «Министр Варанк, Ирандын вице-президенти Саттари менен жолукту» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк кечээ Ирандын илим жана технология боюнча жооптуу вице-президенти Сорена Саттари менен министрликте жолуканын маалымдаган. Варанк сөзүндө Түркия жана Ирандын ортосундагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнүн эки өлкө менен катар аймактын өнүгүүсүнө салым кошо турганын белгиледи.

«Стар» гезити «Түркия Африкада кен издейт» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркиянын кенчилик тармагындагы тажрыйбасын Нигер менен бөлүшкүсү келгенин, ушул себептен Нигердин түштүк-батышындагы үч кен аянтында изилдөө жүргүзө турганын белгилегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Чанкырынын жар тузу Түркиянын медициналык туз муктаждыгын камсыздоодо» деген маалыматында Чанкырыдагы 5 миң жылдык туз үңкүрүнөн чыгарылган жар тузу ишканаларда иштетилип саламаттык сактоо секторунда кодонулушу үчүн медицианлык тузга айландырылып жатканын маалымдаган. Ишкананын директору Хасан Акгүч, Түркиядагы жалпы талаптын 70-80 пайызынын өздөрү тарабынан камсыздалып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар