Түрк басма сөзү  14.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1340393
Түрк басма сөзү  14.01.2020

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган Германияга барат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Берлин конференциясына катышуу үчүн 19 -  январда Германиянын борбор шаары Берлинге барарын жазган. Түркиянын демилгесинен кийин Ливияда түзүлгөн ок атышпоо жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде болгон абалдар конференциянын алдыңкылык берген күн тартип беренеси болот. Конференциянын катышуучу өлкөлөрү ок атышпоонун туруктуу абалга келиши жана Ливиядагы кризиске саясий чечүүчү жол издөөнүн негизинде пикир алышууларда болушат.

«Хабер түрк» гезити Канал Стамбулга чет элдиктердин кызгуусу» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура  министри Жахит Турхан Канал Стамбулдан өтө турган кемелерден алына турган минималдык жылдык төлөмдүн 1 миллиард долларга жакын экендигин белгилегенин жазган. Нидерландиялык, бельгиялык жана француз фирмалардын Канал Стамбул долбооруна кызыккандыгын белгилеген Турхан Канал Стамбулга эмне себептен муктаждыктын бар экендигин айтты. Турхан Стамбул кысыгынын эл аралык деңиз транспортунда колдонулган суу жолу экендигин жана тыгыз деңиз каттамына дуушар болгондугун белгиледи.

«Йени шафак» гезити  «12 айлык утурумдук эсеп 2 миллиард 725 миллион доллар ашык болду» деген кабарында утурумдук эсеп 2019 -  жылдын ноябрь айында 518 миллион доллар кем болсо да акыркы билдирилген маалыматтар менен бирдикте 12 айлык утурумдук эсеп 2 миллиард 725 миллион доллар ашыкча болду. Саякаттан так киреше 2018 -  жылдын ноябрь айына караганда 177 миллион долларга артып, 1 миилиард 414 миллион долларга жогорулады.

«Сабах» гезити базарларда өткөн жумада башталган өсүүнүн артуу менен улантылып жаткандыгын жазган. Биржа Стамбул 2 жылдан кийин 120 миңден ашып, 10, 72  пайыз менен 2017 -  жылдын январь айынан бери эң төмөнкү деңгээлге келди.

«Стар» гезити  «Соода министри Рухсар Пекжандын Африка сапары» деген макаласында  соода министри Рухсар Пекжандын коштоосундагы делегация менен бүгүн Нигерияга сапар менен барып жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн  каалгасын ачарын жазган. Министр Пекжандын Нигериянын борбор шаары Абужага жасай турган сапарында Африка өлкөлөрү менен соода жана инвестиция карым  - катнашы болгон түрк ишкерлери да коштойт. Пекжан Нигериядагы жолугушууларынан кийин 15 -  январда Марокко -  Түркия инвестиция жана иш чөйрөсү форуму менен Марокко -  Түркия Биргелешкен Комитетинин жыйынына катышуу үчүн Марокконун борбор шаары Рабатка барат.



Тектеш кабарлар