Түрк басма сөзү-06.01.2020
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «АКШ менен Иранга тынчтануу чакырыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын ирандык генерал Касым Сүлейманини өлтүрүшү менен келип чыккан чыңалуунун тизгинделиши керектигин айтып, тынчтык чакырыгын салганын жазган. Эрдоган кечээ кечинде бир телеканалдын программасына катышып, «Бардык тараптар зыян тарта турган жерге келе электе чыңалуунун тизгинделиши керек»,-деди.
«Сабах» гезити «Чавушоглу катардык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн жазган. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда эки министр сүйлөшүүсүндө Ирандын төңкөрүшчүл гвардиячылары армиясына караштуу Кудс күчүнүн командири, генерал Касым Сүлейманинин өлтүрүлүшү менен башталган чыңалууну карап чыгышты.
«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлиги; катуу айыптайбыз» аттуу маалыматында Түркия, Ливиянын борбор шаары Триполинин түштүгүндө орун алган Аскердик окуу жайдын жатаканасына болгон кол салууну катуу айыптаганын билдиргенин маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Жалган Ливиянын Улуттук армиясына таандык согуштук учактары тарабынан 4-январда кечинде Триполинин түштүгүндө орун алган Аскердик окуу жайынын жатаканысына болгон жана көп сандаган курсанттын каза табышына жана жаракат алышына себепчи болгон кол салууну катуу айыптайбыз. Кол салууда каза болгон ливиялык туугандарыбыздын жаткан жерлери жайлуу болсушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,делди.
«Стар» гезити «Улуттук коргоо министрлиги; Сириядан качкан 2 террорист багынып берди» аттуу маалыматында Сириядагы лагерлерден качкан ПКК/ЙПГга мүчө дагы 2 террористтин Шанлыурфадагы Суруч чек ара капкасында багынып бергенин жазган. Улуттук коргоо министрлиги тарабынан кечээки билдирүүдө террордук уюм ПККдан качуулар уланып жатканы белгиленип, «Сириядагы лагерлерден качкан ПКК/ЙПГга мүчө дагы 2 террорист Шанлыруфадагы Суруч чек ара капкасында коопсуздук күзөт пунктуна багынып берди»,делди.
«Йени шафак» гезии «Эдирнеге чубаган болгар жана грек туристтер 270 миллион евро калтырды» деген маалыматында Эдирнеге өткөн жылы соода кылыш үчүн 2 миллион 736 миң 865 болгар жана грек турист келгенин жана 270 миллион евро сарптаганын баяндаган.