Түрк басма сөзү-02.01.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1333484
Түрк басма сөзү-02.01.2020

«Сабах» гезити «Вице-президент Фуат Октайдан абдан так Ливия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз билдирүүсү; Оюндарды бузуш үчүн ал жердебиз» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октайдын кечээ күн тартип тууралуу маалымат бергенин жазган. Фуат Октай, Ливия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар тууралуу «Ливияда, Кипрде эмне ишиңиз бар деп сурагандарга үн катуудамын. Бизге каршы ойнолуп жаткан оюндарды бузуш үчүн ал жердебиз»,-деп айтып так маалымат берди.

«Хүррийет» гезити «Келгендердин агымы бир жылда 1,4 миллион турист» аттуу маалыматында Бурдурдун Йешилова районунда орун алган жана ак куму,  көгүлтүр суусу менен Түркиянын Малдивдери катары билинген Салда көлүнө 2019-жылы баргандардын саны рекорддук деңгээлге жеткенин маалымдаган. Бурдурдун губрнатору Хасан Шылдак 2019-жылы Салда көлүнө 1 миллион 400 миң киши келгенин жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунан 4 жаңы тышкы каттам сүйүнчүсү; бардык процесстер бүткөрүлдү» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжынын фирманын 2020-жылда флоту менен кошо каттам желесин дагы кеңейтүүгө басым жасай турганын белгилеп, «Ушул жагынан алганда Малабо (Екватор Гвинеясы) Ханеда (Жапония), Ньюарк (АКШ) жана Ванкувер (Канада) жерлеринин каттам желебизге кошулуусу үчүн процесстерди бүткөрдүк»,-деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Түркиянын «адмирал кемеси» улуттук программа менен жабдылат» аттуу маалыматында Түркиянын эң чоң согуштук кемеси боло турган «TCG Анадолуга» эң мыкты согушту башкаруу системаларынын арасында көрсөтүлгөн Адвенттин интеграцияланышы башталганын жазган.

«Стар» гезити «Түрк тамактары Түштүк Кореяда чемпион болду» деген маалыматында Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда өткөн International Top Chef Grand Prix эл аралык тамак жасоо сынактарына катышкан көпчүлүгү айым шефтерден турган түрк командасы салтуу даамдары менен Түркияга 10 алтын медалды алып бергенин маалымдаган. Түрк командасы сынакта 1 саатта башкы тамак катары «Хүнкар бегенди», зайтун майлуу / ысылык «Чиелүү жалбырак оромосу» жана «хумус», таттуу катары «Талкан халвасын» даярдаганын баяндаган.



Тектеш кабарлар