Түрк басма сөзү-30.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1331837
Түрк басма сөзү-30.12.2019

«Ватан» гезити «Ибрахим Калын;Кол салуулар улана турган болсо Берлинде чогулуубуздун мааниси калбайт» аттуу маалыматында президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калындын бир телеберүү пррграммасында Ливия тууралуу баа берүүсүн жасаганын жазган. Калын, Ливияда Улуттук макулдашуу өкмөтү менен Хафтердин ортосунда түзүлгөн келишимди мындан мурда Хафтердин бузганын белгилеп, «Ал жерде эч ким Хафтерди токто деп айтпай турган болсо Сирия сыяктуу болот. Дүйнө жүзүн каратып туруп Хафтерге курал жардамы берилип жатат. Январь айында Германияда саммит өтөт. Хафтер кол салууларын уланта турган болсо Берлинде чогулуубуздун, саммит өткөрүүбүздүн мааниси калбайт»,-деди.

«Сабах» гезити «Министр Акар жана командирлерден чек арага сапар» аттуу маалыматында Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) командирлик тобу  Идлибдеги абалдардын артынан Сирия чек арасынын дароо жанындагы бөлүк командирлери менен жолукканын жазган. Министр Акар бул жердеги сөзүндө, «(Идлиб) ок атышпоонун камсыздалышына карай милдеттерин баатырларча орундатып жаткан 12 чалгындоо пунктун эч качан таштап кетпейбиз, бул жерден чыкпайбыз. Чалгындоо пункттарыбыз ушул темада буйрук алган. Өздөрүнө кандайдыр бир түрдөгү кол салуу болгон учурунда эч тайсалдабастан жооп кайтарат»,-деди.

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Аксой; Англиянын ЙПГ/ПККга карай чечими тууралуу маалымдоо жасады» аттуу маалыматында тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксойдун кечээки маалыматында Англияда ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмдун мүчөсү болгон чет элдик террорист Дэн Ньюинин атасынын терроризмди колдогону айыбы менен башталган териштирүүнүн алкагында камакка алынышынын канагаттануу менен кабыл алынганын белгилегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Коргонууда 2020-жылды Аксунгар ачат» деген маалыматында Түркиянын акыркы мезгилде өнүктөргөн жогорку пайдалуу жүк ташуучу учкучсуз учуучу аппараты Аксунгардын жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө коопсуздук күчтөрүнүн колдонуусу үчүн сунуштала турганын жарыялаган. Түрк авиация жана космос өнөр жайы акционердик коомунун башкы директору Темел Котилдин «Жаңы жылдын башы же январдын акырынан тарта Түркия муну колдоно баштайт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «675 жүргүнчүсү менен Кушадасына жанашты» деген маалыматында Айдындын Кушадасы районундагы Эгей Порт портуна кечээ жанашкан Мальта желектүү «Celestyal Crystal» крейсери 675 жүргүнчү алып келгенин маалымдаган. Кемеден түшкөн көпчүлгү АКШ жана Англия тектүү туристтер автобустар менен Эфес жана Мариям Ананын үйүн зыярат кылыш үчүн Кушадасынан чыгышты. Айрым туристтер да Кушадасынын борборунда соода кылууну тандашты.



Тектеш кабарлар