Түрк басма сөзү-05.12.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1318215
Түрк басма сөзү-05.12.2019

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Сириянын жерлерине көз арткандар ал жерден чыгып кетишсин» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын улуттук коопсуздугу кеп болгондо эч кимден уруксат албастан операция жүргүзө алган өлкө болгонун белгилегенин баяндаган. Сириядан террористтер чыкканга дейре бул өлкөдө болуусун уланта тургандарын айткан Эрдоган: «Биз Сириянын жерлерине көз арткан жерибиз жок, бирок көз арткандар болсо сураныч чыгып кетишсин»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия НАТО саммитинде каалаганын алды» аттуу маалыматында АКШнын Түркиянын каршы чыгууларына карабастан ЙПГнын террордук уюм катары таанылышына тоскоол болгону боюнча Түркиянын да Балтика өлкөлөрүнүн жаңы жаңы коргонуу планын вето кылышындагы чечкиндүү мамилесин улантканы боюнча  НАТОнун Лидерлер саммитинен Анкаранын каалаган жыйынтыгы чыкканын маалымдаган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жарыялаган декларацияга шериктештиктин 2015-жылы жарыялаган жана ЙПГнын террордук уюм болгонун белгилеген документине шилтеме кылынып «Терроризм бардык түрлөрү жана көрүнүштөрү менен бардыгыбыз үчүн коркунуч болуусун улантууда»,деген беренеси кошулду.

«Йени шафак» гезити «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде ойнолгон оюнга бөгөт койду» аттуу маалыматында Түркиянын Ливия менен кол койгон «Деңиздеги ыйгарым укук аянттарына чек коюлушу» меморундумуна баа берген энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин, «Бул меморандум менен Чыгыш жер Ортолук деңизде Түркияны теңдеменин жана оюндун тышына чыгарууга карай аракеттерге бөгөт койгон болдук»,дегенинбаяндаган. Дөнмез: «Ливаны дагы Түркияны дагы бул оюндун тышында калтырууга ниеттери бар эле. Эл аралык деңиз эрежесине караганда бул меморандум туура меморандум болуп саналат»,-деди.

«Сабах» гезити «2020 Түркия жылы болот» аттуу маалымтанда түрк экономикасындагы ылдам калыбына кенлүү жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун инвестиция салуу каалоосун арттырганын жазган. Өлкөдө 2020-жылы өсүүнүн ылдамдашы жана чет элдик капиталдын кирүүсүнүн ылдамдоосу күтүлүүдө. Дүйнөдө түздөқн-түз чет элдик инвестициячлардын 13 пайыз азайган 2018-жылы дагы инвестициялары 13 пайызга арткан Түркияга, 2020-жылы 15миллиард доллардан көп чет элдик капитал кириши күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн эң көп кыдырылган шаарлары жарыяланды. Түркиядан 2 жер тизмеде» аттуу маалыматында борбору Англияда орун алган секторлолр, өлкөлөр жана кардарлар тууралуу дүйнөлүк деңгээлде страткегиялык изилдөөнү камсыздаган мекеме Euromonitor Internationalдын эң көп кыдырылган шаарлар тизмеси жарыланганын жазган. Отчетто Түркиядан Стамбул жана Анталия орун алды.

 



Тектеш кабарлар