Түрк басма сөзү-14.11.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1306503
Түрк басма сөзү-14.11.2019

«Хүррийет» гезити «Эрдоган; биздин күрттөр менен маселебиз жок, маселе террористтер менен» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШ сапарында жикчил террордук уюм ПКК жана анын Сириядагы уландысы ЙПГ менен күрттөрдү бири-бирине чаташтырбоо керектигин айтканын жазган. Эрдоган: «Биздин күрттөр менен маселебиз жок. Биздин маселебиз террордук уюмдар менен. Ким булар; ЙПГ/ПЙД, булар ПККнын уландылары. Террорист террорист болуп саналат. Күрөш жүргүзбөсөңөр кийин чыгымы оор болот»,-деди.

«Сабах» гезити «Эрдоган; Коопсуз аймакка 1 миллион качкынды жайгаштырабыз» аттуу маалыматында Эрдогандын АКШ сапарында Сириядагы коопсуз аймак тууралуу «6 айдан 2 жылга чейин коопсуз аймакка 1 миллион качкынды жайгаштыра алабыз. 1 миллионду да Ракка жана Дейризор аймагына жайгаштыра алабыз» деген маалыматты бергенин жазган. Түркиянын сириялык качкындарга карай каржылоосунун 40 миллиард долларга жеткенине көңүл бурган Эрдоган: «Европадан бизге келген болсо тилекке каршы болгону 3 миллиард евро»,-деди. АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Түркиянын 4 миллион качкынды баш калкалатканын, Европанын эми качкындар темасында жоопкерчиликтүү болушу керектигин айтты.

«Стар» гезити «Рас-эль-Айнда мамлекеттик тейлөөлөр башталды» деген маалыматында «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында террордук уюм ПКК/ЙПГдан тазаланган Сириянын Рас-эль-Айн шаарына саламаттык сактоо, ичиле турган суу жана башка мамлекеттик тейлөөлөр бериле баштаганын маалымдаган. Шаарда иликтөө жүргүзгөн Шанлыурфанын губернатору Абдуллах Эрин, жергиликтүү тейлөөлөрдүн тартиптүү жана кемчиликсиз камсыздалышы үчүн Түркиядан милдеттендирилген кызматкер менен катар сириялыктардын да милдет алгандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Биржа Стамбул, Түрк лирасынын басымдуулугун арттырат» аттуу маалыматында Биржа Стамбулдун башкы директору Мехмет Хакан Атилланын, «Финансылык системада улуттук акчабыздын басымдуулугунун арттырылышы үчүн маанилүү кадамдарды таштадык»,деп айтканын баяндаган. Биржа Стамбулдун сыймыктандыруучу улуттук баалуулук жана күчтүү марка болгонун баса белгилеген Атилла, алдыдагы күндөрдө жасай турган жарыялар менен жаңы валюта келишимдерин жана кечки сеанс сыяктуу ишке ашыруулардын маалыматтарын бере тургандарын айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркияга 100 миллион доллардык инвестиция салат» деген маалыматында Тайвандын тышкы сооданы өнүктүрүү кеңешинин башчысы Уолтер Йехтин Тайвандын Түркиядагы инвестицияларынын артканын белгилеп, «Тайвандын эң чоң темир-болот өндүрүүчүлөрүнүн арасында орун алган фирмабыз Кожаелиде 100 миллион доллардык болот ишканасынын инвестициясын баштоодо»,-деп айтканын берген. Йех, Тайван менен Түркиянын ортосундагы электроника, автомобиль жана өнөр жай секторундагы маанилүү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү болгонун белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар