Түрк басма сөзү  08.11.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү  08.11.2019

 

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын чакыруусуна чоң кызыгуу» деген кабарында айыл – чарба жана токой министрлигинин «Келечектин деми бол» деген ураан менен 28 -  октябрда жарыялаган 11 миллион дарак кампаниясынын чоң кызыгуу көргөндүгүн жазган. 11  миллион 47 миң 430 көчөт  максатына бир канча күндө жетишилди жана 12 миллион 915 миң 319 көчөттүн ээси болду. Президент Р. Т. Эрдоган да 11 -  ноябрь күнү саат 11:11де өлкөдө бир убакта ишке аша турган көчөт тигүү иш чарасы үчүн жарандарды чакырды.

«Йени шафак» гезити «АНКА абада 26 саат 30 минута болуп рекордго жетти» деген маалыматында улуттук учкучсуз аба унаасы АНКА бир күндөн дагы узун убакыт учкандыгын жазган. 26 саат 30 минута учуп жаңы бир рекордго жетишкен АНКА түнү  - күнү, ыңгайсыз аба шарттары, чалгындоо, байкоо, туруктуу жана кыймылдуу буталарды аныктоо, иликтөө милдетин орундатууда.

«Стар» гезити  «АКШ: Түркия учактарыбызды иликтей баштайт» деген кабарында АКШнын коргоо министрлинин катчысы Эллен М. Лорд Түркиянын Орусиядан сатып алган С  - 400 абадан коргонуу системасы менен жакында аймактагы учактарды иликтөөгө даяр болорун айтканын жазган. Эллен М. Лорд Пентагондо өткөргөн брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди. Лорд берген маалыматында Түркиянын С  - 400 абадан коргонуу системасын жылдын акырына карай толугу менен аракетке өткөрөрү күтүлүп жаткандыгын билдирди.

«Сабах» гезити «Европа Биримдиги : Түркия экономикасы ылдам өзүнө келди» деген макаласында Европа Биримдиги 2019  күзгү экономикалык болжолдоо отчетунда Түркияда экономиканын өткөн жылы болгон валюта кризисинен кийин финансылык колдоолор жана экспорттогу өсүү менен бирге күтүлгөндөн дагы ылдам түрдө өзүнө келгендигине көңүлдөрдү бургандыгын белгилеген. Отчетто түрк экономикасынын 2020 -  жылы 3, 1, 2021 -  жылы 3, 5 пайызга өсөрү болжолдолгондугу билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Миллионерлердин депозити 9 айда 145, 4 миллиард лирага өстү» деген кабарында аманатчылардын саны 9 айда 26 миң 763, жалпы депозиттери  да 145, 4 миллиард лирага өскөнүн көрсөткөндүгүн жазган. Миллионер саны сентябрь айынын акырында 206  миң 889, жалпы депозиттери да 1 триллион 255 миллиард 273 миллион лира.



Тектеш кабарлар