Түрк басма сөзү 31.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1297571
Түрк басма сөзү 31.10.2019

«Стар» гезити президент Эрдогандын АКШнын мыйзам долбооруна каршылык көрсөтүп: «Бүткүл дүйнө жүзүнө үн катып жатамын. Ташталган кадамдарды тааныбайбыз»,-дегенин жазган. Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын өкүлдөр палатасында 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу жалган армян дооматтарын тааныган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына катуу каршылык көрсөтүп: «Бул жерден Америка коомчулугуна дагы, бүткүл дүйнө жүзүнө дагы кайрылып жатамын. Бул чечимдин эч мааниси жок. Муну тааныбайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Макулдашуу рухуна туура келбейт» аттуу кабарында президенттин орун басары Фуат Октайдын АКШнын өкүлдөр палатасынын чечимине каршы чыкканын маалымдаган. Октай кечээки билдирүүсүндө: «Чыгарылган чечимдер, Сирия темасында АКШ менен түзүлгөн макулдашуунун рухуна туура келбейт»,-деди.

«Сабах» гезити: «Министр Чавушоглу АКШнын мыйзам долбооруна каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирүүсүндө: «Мунун кабыл алынгыс экенин аларга билдирдик. АКШ элчисин да Минисрликке чакыртып, каршы чыгуубузду жана күтүүлөрүбүздү айттык. АКШда Түркияга каршы кабыл алынган эки чечимдин себеби, Сириядагы оюндарын бузганыбыз үчүн өч алып жатышат»,-деди.

«Хүррийет» гезити Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан дагы АКШнын чечимдерине каршылык көрсөтүлгөндүгүн жазган.

«Ватан» гезити «Сүйлөшүүлөр аяктады» деген кабарында Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги, Орусиянын аскердик делегациясы менен бүткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн оң өткөндүгүн билдиргенин жазган. Сүйлөшүүдө макулдашуу текстиндеги беренелердин аткарылышына карата тактикалык жана техникалык темалар каралды.

 



Тектеш кабарлар