Түрк басма сөзү-21.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскачв маалыматтар.

1291718
Түрк басма сөзү-21.10.2019

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган; Улуттук коопсуздук темасында өз чечимин өзү чыгарган өлкөбүз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын улуттук коопсуздук темасында өз чечимин өзү чыгарган өлкөгө айланганын баса белгилеп бул темада эч кимдин уруксатына муктаждыктары болбогонун айтканын баяндаган. Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы» операциясы менен 9 күндө 1500 чарчы чакырымдык аянтты террордук уюмдун зомбулугунан тазалагандарын белгилеген Эрдоган: «120 сааттык мөөнөт бүткөндө берилген убадалар орундатылбаган болсо операцияны калган жерден өзүндөй улантабыз. Америкалык шериктештерибизден күтүүбүз, Түркияга берген убадаларына бул ирет баш ийүүлөрү»,-деди.

«Ватан» гезити «Террордук уюмдун экинчи химиялык курал оюну процессте» деген маалыматында Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы» операциясы менен оор сокку жеген жана АКШнын киришүүсү менен таанылган 120 сааттык мөөнөт менен чегинүүсүн баштаган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын химиялык курал колдонуп жарандарды кыргынга учураткан соң Түркияны күнөөлөөнү максаттаганы ачыкка чыкты. Түрк чалгындоо бөлүктөрү Ирактан алып чыккан террордук уюмдун колундагы химиялык куралдар ташылган 6 жүк ташуучу унаанын, Семелка аймагынан Сириянын Камышлы аймагына өткөнүн белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Хулуси Акар; Инвентарыбызда бир грамм дагы химиялык курал жок» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын жалган жана ыпылас кабарлар менен химиялык курал колдонулганы жөнүндөгү айтымдардын жарыяланганын белгилеп, Түрк куралдуу күчтөрүндө химиялык курал, атуучу техникасы жана ок-дарылары жок экенин белгилегенин маалымдаган. ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн жалган кабарларына басым жасаган Акар: «Бул мыкаачыларга каршы бир гана аянтта эмес, маалымат согушу алкагында дагы күрөшүүбүз тыгыз уланууда»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия Евразиянын маалымат борбруна айланууда» деген кабарында Түркиянын алдыбыздагы күндөрдө Data Center Expo Eurasia жарманкесине кожоюндук кыла турганын жазган. 35 өлкөдөн орто эсеп менен 250 марка, Стамбулда алгач ирет өткөрүлө турган бул жарманкеде акыркы технологияларын көрсөтөт. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин улана турган жарманке Стамбул жарканке борборунда ишке ашат жана Түркияны аймактык күч катары жайгаштырууда маанилүү жолугушуу катары аныкталган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул дүйнөнүн эң кооз шаарларынын арасында» деген маалыматында дүйнөнүн эң кооз шаарлары жарыяланганын жазган. Миңден ашуун саякат жазуучулары жана агенттиктери менен сурамжылоо жүргүзгөн саякат агенттиги Flight Network 50 шаардык тизмени топтоду. Тизмеде Түркиядан Стамбул 17-орунда катталды.



Тектеш кабарлар