Түрк басма сөзү-2.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1280338
Түрк басма сөзү-2.10.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган; Сирияда коопсуз аймак темасында корото турган бир күнүбүз дагы жок» аттуу маалыматында  президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирияда түзүлө турган коопсуз аймак темасында Түркиянын корото турган бир күнү дагы жок экенин айтты. Эрдоган: «Манбиж менен кошо, Евфрат дарыясынан Ирак чек арасына чейин түзүлө турган 30 км ичкеридеги коопсуз аймакка 2 миллион кишини жайгаштырууну пландап жатабыз»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Эрдоган; Борбордук банктын валюта резервдери 100 миллиард доллардан ашты» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Борбордук банктын валюта резервдеринин 103 миллиард доллар деңгээлине жектенин айтканын жазган. Экономикада баланстоо жана кайрадан өсүү процессин ийгиликтүү улантып жаткандарына токтолгон Эрдоган: «Финансылык тартиптен эч качан баштартпайбыз. 11-өнүгүү планындагы жол картабызды байкап, алдыбыздагы шайлоосуз 4 жылды эң мыкты түрдө пайдаланабыз. Өлкөбүздү дүйнөнүн эң чоң 10 өлкөсүнүн бирине айландырганга дейре күнү түнү дебестен иштейбиз»,-деди.

«Ватан» гезити «Жаңы экономика пакетине (ЖЭП) иш дүйнөсүнөн колдоо келди» деген маалыматында экономиканын үч жылдык жол картасы жарыяланганын маалымдаган. Программада инфляция 2022-жылы 4,9 пайызга түшүшү максатталууда. Иш дүйнөсү кайрадан жогорку өсүүнүн масатталышы жеке менчик секторго толкундануу жана мотивация бергени көз карашында. Пландалган кадамдардын  экономикада секирик жарата турганын, ушундайча күчтүү жана ырааттуу өсүү процессине өтүү камсыздала турганы көз карашында.

«Хабер түрк» гезити «Fitch Ratings Түркиянын өсүү күтүүсүн жогорулатты» деген маалыматында насыя рейтингине баа берүүчү мекеме Fitch Ratingsтин кечээ жарыялаган Глобалдык экономикалык көрүнүш отчетунда Түрк экономикасы үчүн өсүү божомолун жогору багытта жаңылаганын жазган. Fitch Ratings, Түрк экономикасынын 2020-жылы 3,1 пайызга, 2021-жылы 3,6 пайызга өсө турганын божомолдоду. Fitch Ratings, 2020-жылы кеңири калыбына келүүнү күтүп жаткандарына басым жасады.

«Хүррийет» гезити «Турсит саны 31 миллиондон ашты» деген маалыматында жылдын алдыңкы 8 айында Түркияга келген турист саны 31 миллиондон ашканын баяндаган. Түркияга эң көп турист жиберген өлкө 4,8 миллион киши менен Орусия болду. Эң көп турист тоскон шаар 10,3 миллион киши менен Анталья болду. Андан соң Стамбул орун алып 9,9 миллион киши келди. Стамбул август айында мейманканаларынын толтуралыгы жагынан Европанын 10 шаарынын арасында көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар