Түрк басма сөзү-16.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1270318
Түрк басма сөзү-16.09.2019

«Ватан» гезити «Чавушоглу; Түркия Кипр түрктөрү менен жакын кызматташууда» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Рум тышкы иштер министри Никос Христодулистин «Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустава Акынжынын ортосунда көз караш айырмачылыгы» болгону жөнүндөгү сөздөрүнө катуу каршылык көрсөткөнүн маалымдаган. Рум медиасына маалымат берген Чавушоглу: «Биз, Акынжы, ТКТР өкмөтү жана бардык саясий партиялар менен жакын кызматтыштык түзгөн абалдабыз. Никос чектен ашпасын»,-деди. Кипрде эки мамлекеттүү чечүүчү жол боло ала турганы жөнүндөгү белгини да берген Чавушоглу: «Тараптар даяр болсо, албетте бул боло алат. Биз эч бир моделди четке какпайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу; Нетаньяхунун маалымдоосу уяткаруучу» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Батыш Шериадагы Иордан өрөөнү менен мыйзамсыз отурукташкан жерлерди аннекциялай тургандары жөнүндөгү жарыясына токтолуп, «Бул уяткаруучу жарыя, Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык үмүттөрүн жок кылып жатканына карабастан жакындап калган шайлоолордо бир канча добуш алууга карай жосунсуз жорук болуп саналат»,-деп айтканын берген.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропорттору 70 миллион жүргүнчүгө жеткени калды» деген маалыматында быйыл январь-август мезгилинде Стамбулдагы аэропорттордон болгон 466 миң 906 ички жана тышкы каттамдар менен 68 миллион 448 миң 359 жүргүнчү ташылганын жазган. «Ататүрк» аэропортунда үстүбүздөгү жылдын январь-август мезгилинде ички каттамда 4 миллион 227 миң 132, тышкы каттамда 11 миллион 845 миң 402 жүргүчү тосулду. Апрель айында коммерциялык каттамдарга жабылган аэропортто тийиштүү мезгилде жалпы 16 миллион 72 миң 534 жүргүнчү саякат кылды.

«Хүррийет» гезити «Технологиялык демилгелер үчүн 1,1 миллиард лиралык 5 жаңы фонд» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын «Демилге капиталын колдоо программасынын алкагында камсыздала турган булактан пайдаланууга укуктуу болгон 5 фонд үчүн протокол процесси башталды. Экосистемабыз менен кошо 5 жаңы фонддун өлкөбүзгө инвестиция салуу үчүн түзүлө турган булак суммасы биринчи этапта 628 миллион лира болсо, акыркы этаптагы сумма 1,1 миллиард лирага жетет. Бул булактар менен алдыбыздагы 5 жылда өлкөбүздө 148 алгачкы баскычтагы технологиялык демилгеге инвестиция салынышын максаттоодобуз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Жергиликтүү гидро-пресс машинасы менен ракета чыгарылат» деген маалыматында Кониянын техникалык университети жана «Нежметтин Эрбакан» университетинин академиктери менен бир пресс машина фирмасы тарабынан өнүктүрүлгөн, учак, ракета жана автомобилдердин жазы темир тетиктеринин өндүрүлүшүн камсыздаган гидро-формага келтирүү пресс машиналары өлкөнүн экономикасына салымын кошо турганын жазган. Орто эсеп менен 10 жылдык эмгектенүүнүн акырында академиктер, учак борту, ракета жана автомобилдердин жазы темир тетиктеринин жасалышында колдонулган 100 пайыз жергииктүү гидро-форма берүүчү пресс машинаны жасап чыгарды. Пресс машина, импорттолгон гидро-форма берүүчү пресс машиналарга караганда дагы аз чыгым менен жасалат.



Тектеш кабарлар