Түрк басма сөзү-03.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1263090
Түрк басма сөзү-03.09.2019

«Сабах» гезити «Эрдоган Сот жылынын ачылышында сөз сүйлөдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 2019-2020 Сот жылынын ачылышынан улам Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда уюштурулган аземде сөз сүйлөп, укук жана эркиндиктердин корголушу, өнүктүрүлүшү, коопсуздук астына алынышы үчүн Адам укуктары боюнча кеңири иш-аракет планын даярдагандарына басым жасаганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «ТКК жана Улуттук чалгындоо уюмунун биргелешкен операциясы» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана улуттук чалгындоо уюмунун координациялуу иштөөсүнүн натыжасында кечээ Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында белгиленген жикчил террор уюму ПККга мүчө 5 террорист абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынганын жазган.

«Хүррийет» гезити «Эмине Эрдоган Салда Көлүн кыдырды» аттуу маалыматында президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган кечээ Экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум менен бул жердеги ак жээктерди жана туркуаз түсүнүн себебинен «Түркиянын Малдивдери» деп билинген Салда көлүн кыдырып бул жердеги иштер туурасында маалымат алганын баяндаган.

«Стар» гезити «Ак үйдү дагы Ватиканды дагы Түрк мрамору кооздойт» аттуу маалыматында Стамбулдун кен экспортчулары ассамблеясынын башчысы Айдын Динчердин дүйнө жүзүндө табигый таш секторунда Түркиянын маанилүү орду болгонун айтканын баяндаган. Сапаты менен дүйнөнүн маанилүү борборлорунда Түркиянын табигый таштары колдонулганын айткан Динчер: «Америкада Ак үй, Ватиканда Сан Пиетро чиркөөсү, Австралиядапгы Диснейленд булардан айрымдары гана»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «26-Эл аралык Аспендос опера жана балет фестивалы Кармен менен башталды» деген кабарында Анальяда өткөн Эл аралык 26-Аспендос опера жана балет биримдигинин чеберлеринин көргөзмөсү Чайковскийдин сыйкырдуу «Куулуу көлү» чыгармасына кожоюндук кылганын жазган.

 



Тектеш кабарлар