Түрк басма сөзү-15.08.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1253190
Түрк басма сөзү-15.08.2019

«Сабах» гезити «Эрдоган индонезиялык кесиптеши менен сүйлөштү» аттуу маалыматында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Анда Эрдоган жана Видодо, бири-бирилерин Курман айт майрамы менен куттукташты.

«Стар» гезити «Улуттук коргоо министрлиги жарыялады; аймакта учкучсуз учуучу аппараттарыбыз милдетин аткара баштады» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги, АКШ менен жетишилген Сирияда коопсуз аймак түзүү макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу аймакта учкучсуз учуучу аппараттар милдеттерин аткара баштаганын билдиргенин маалымдады.

«Хүррийет» гезити «Түрк агымынын кабылдоо терминалынын 95 пайызы бүткөрүлдү» аттуу маалыматында Орусиянын газын Түркияга жеткире турган жана бул жерден Европага ташый турган Түрк агымы жаратылыш газ куур багытынын Фракиянын жээгиндеги Кыйыкөйдө орун алган кабылдоо терминалындагы курулуш иштеринин 95 пайызы бүткөрүлгөнүн маалымдаган. Түрк агымы долбоору түзгөн фирманын жарыясында иштердин календарга ылайыктуу түрдө илгерилеп жатканын жана жаратылыш газ агымынын 2019-жылдын акырында башталышы көздөлгөнүн белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Муглада крейсер туризми» аттуу маалыматында Мальтанын желеги илинген крейсер «Горизонт» Жер Ортолук деңиз турунун алкагында Мугланын Мармарис районуна келгенин жазган. Мармарис Cruise Port портунун чоң бөлүмүнө жанаштырылган кемеде көпчүлүгү испан тектүү1610 турист жана 607 кеме кызматкери орун алганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Бирюза көгүшү пляж 4 күндө 25 миң кишини тосту» деген кабарында Антальянын Каш району Курман айт майрамы убагында эс алууга келген туристтерге толсо, Каш жана Калкандын ортосунда орун алган Капуташ пляжы тарыхый күндөрүн өткөргөнүн баяндаган. Бирюза түстүү деңизи менен белгилүү пляж, арапа жана майрам убагында 25 миңдей кишини тосту.



Тектеш кабарлар