Түрк басма сөзү-05.08.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1247972
Түрк басма сөзү-05.08.2019

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган; Евфраттын чыгыш жагына киребиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Евфраттын чыгыш жагына аскердик кыймыл жүргүзүү белгисин бергенин маалымдаган. Эрдоган: «Мындан мурда Афринге, Жераблуска, Эл-Бабга кирдик. Эми болсо Евфраттын чыгыш жагына киребиз. Биз муну Орусия жана АКШга билдирдик»,-деди.

«Сабах» гезити «Багынып берген ПКК террористтери; уюмга кошулгандардын кыялдануулары таш кабууда» аттуу маалыматында коопсуздук күчтөрүнө багынып берген ПККга мүчө эки террористтин айтымында уюмдун жаштарды катарына кошуу үчүн ар түрдүү убадалар менен пропаганда кылып, психологиялык таасир этүү ыкмаларына кайрылганын, бирок кошулган бардык жаштардын кыялданууларын таш капканын, уюмдун чыныгы жүзүн көргөндөрүн жана алгачкы мүмкүнчүлүктө качуу үчүн аракет жумшагандарын айткандары белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Ал өлкөдөн келгендер рекордду багындырды! Саны миллиондоп саналууда» аттуу маалыматында туризм жаатында быйыл рекордго жетишкен Анталья, январь-июль мезгилинде өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү менен 8 миллион 193 миң 924 чет элдик туристти тосуп алганын маалымдаган. Бул мезгилде эң көп турист келген өлкөлөр тизмелөөсүндө Орусия биринчи орунда болсо, андан кийин Германия жана Украина орун алды.

«Стар» гезити «Атактуу миллиардер Жефф Безос кымбат баалуу яхтасы менен Гөкчекке келди» деген маалыматында Амазондун куруучусу Жефф Безостун Бодрум, Датча жана Мармаристин Селимийесинин жээк сууларында эс алуусун өткөргөнүн, «Flying Fox» аттуу кымбат баалуу яхтасы, Фетхийенин Гөжек булуңуна жакын жерге якорун түшүргөнүн маалымдаган. Немис фирмасына таандык болгон жана бир күндүк ижарасынын 400 миң евро болгону белгиленген кымбат баалуу яхтада Безостун эс алып жатканы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Чакабей Googleдун Дүйнөлүк илим сыйлыгын Түркияга алып келди» деген маалыматында Google уюштурган жана 120дан ашуун өлкөдөн катышуу болгон онлайн илим жарманкеси Google Science Fairдин дүйнөлүк деңгээлде берилген беш сыйлыктын бирөөнү Измирден 11-класстын окуучусу Туран Долмен алганын баяндаган. Долмен өнүктөргөн бактын титирөөлөрүн энергияга айландырган талаа модулуна «Scientific American Innovator» сыйлыгы ыйгарылды.



Тектеш кабарлар