Түрк басма сөзү-10,06.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1215739
Түрк басма сөзү-10,06.2019

«Хабер түрк» гезити «2018-жылы Түркиядан 2 миллиард 325 миллион доллардык жашылча-мөмө экспорттолду» аттуу маалыматында Түркия өткөн жылы Turkish Cargo менен 18 миллион 58 миң доллардык жашылча-мөмө экспорттогонун маалымдаган. Өткөн жылы абадан жүк ташуусу менен ишке ашырылган 6691 тонналык жашылча-мөмө экспортунан баа жагынан алганда мурдагы жылга салыштырмалуу 71 пайыздык өсүү камсыздалган. Аба жолу менен эң көп жашылча-мөмө экспорту 3 миллион 202 миң доллар менен Гонконгго ишке ашырылды. Гонконгдон кийин 2 миллион 229 миң доллар менен Норвегия жана 1 миллион 344 миң доллар менен Сингапур орун алды.

«Йени шафак» гезити «Антальяда турист рекорду» аттуу маалыматында Антальянын губернатору Мүнир Каралоглунун Анталияга күнлүк келген туристте жаңы рекордго жетишилгенин жарыялаганын баяндаган. Губернатор Каралоглу, социалдык медиадагы бөлүшүсүүндө «Куттуктайбыз Анталья. Күнлүк жүргүнчү киришинде кайра эле бардык убактардын рекорду багындырылды. 2019-жылы 8-июнда келген жүргүнчү саны 85 миң 205 болду. 2018-жылга салыштырганда бул катнаш 17 пайыздык өсүү менен 570 миң 422 киши, жылдык 18 пайыз өсүү менен 3 миллион 870 миң 211 киши Анталиябызга келди. Дагы көп рекорддорго жетишели»,деген сөздөргө орун бергенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Эгей аймагы биринчи чейректе 1,8 миллиард доллар тышкы соода ашыкчасын берди» деген маалыматында Эгей аймагында 2019-жылдын биринчи чейрегинде 3 миллиард 117 миллион доллардык импортко каршы, 4 миллиард 908 миллион доллардык экспорт ишке ашырылганын жазган. Эгей аймагында биринчи чейректе орто эсеп менен 1,8 миллиард доллардык соода ашыкчасы болду, экспорттун импортко жооп берүү катышы 157 пайызга жогорулады.

«Стар» гезити «Артыкчылык сыйлыгын алды, турист агымына учурады» деген малыматында Битлистин Татван районунда дүйнөнүн экинчи, Түркиянын эң чоң кратер көлү болгон Немрут кратер көлү, майрам эс алуусунун акыркы күнүндө келгендердин агымына учураганын маалымдаган.Европалык тандалган жерлер долбоорунун (EDEN) алкагында Артыкчылык сыйлыгын алган деңиз деңгээлинен 2250 метр бийиктиктеги көл, теңдешсиз пейзажы менен келгендерди суктандырат. Немрутка келген туристтер, табигый кооздуктар менен катар ысык жана муздак көлдөрдү, муз үңкүрүн, буу мору менен көңүлдү бурган аймактын теңдешсиз кооздуктарын көрө алат.

«Сабах» гезити «Месут Өзил көңүлдөрдөн түнөк тапты» аттуу маалыматында атактуу футболчу Месут Өзилдин кылган кайрымдуулугу менен көңүлдөрдөн түнөк тапканын жазган. Атактуу футболчу Түрк Кызылайы аркылуу Түркия жана Сириядагы лагерлердеги 16 миң жетим бала жана муктаж адамдарга тамак берди. 2 миңи  Сирия жана Түркиядагы лагерлерде жашаган согуштан жапа чеккен балдардан турган 14 аш үйүндө жүздөгөн адам бул кайрымдуулуктан пайдаланып, кубанды. Футболчу айрыкча көпчүлүгү Африкадан болуп медициналык абалдары белгиленген миң баланын операция чыгымдарын милдеттенди. Өзил эми Кызылайдын кан жана Өзөктүк клетка өнөктүгүнө катышат.



Тектеш кабарлар