Түрк басма сөзү-3.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1176223
Түрк басма сөзү-3.04.2019

«Сабах» гезити «AFAD Мозамбикте чатыр шаарча курду» аттуу маалыматында апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен Түрк Кызылайы, Идаи куюну уруп өткөн Мозамбикте үйсүз калгандар үчүн жардам колун сунганын маалымдаган. AFAD топтору тарабынан апааттан эң көп таасир алган шаар болгон Бериага жакын жердеги Тижада чатыр шаарча курулду. Түрк Кызылайы да куюн үйлөрүн талкалап кеткен 233 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын таркатты.

«Хүррийет» гезити «Алгачкы каттам ишке ашты» деген маалыматында Израилдин борбор шаары Тель-Авивден Мугланын Бодрум районуна алгачкы чартердик каттам ишке ашканын жазган. Милас-Бодрум аэропортунда Тель-Авивден сезондун алгачкы чартердик каттамы менен келген туристтер гвоздикалар менен тосулду. Корендон аба жолдору менен келген Израилдик жана палестиналык 180 туристке аэропорттон чыга бериште локум сунулду жана гвоздикалар берилди.

«Йени шафак» гезити «Антальянын туризми жарым миллиондон ашты» аттуу маалыматында Антальяга 2019-жылдын алгачкы үч айында келген чет элдик турист саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине  салыштырганда 25 пайыздык өсүү менен 571 миң 207 кишиге жетти. Алдыңкы орунду немистер, экинчи орунду орустар алды. Антальяда 2019-жыл үчүн 15 миллион болгон чет элдик турист максаты 16 миллионго чыгарылды. Жергиликтүү туристте болсо 5 миллион максатталууда.

«Стар» гезити «Түштүк кореялык фотосүрөтчү жана блоггерлер Адыяманды фотосүрөткө тартышты» деген кабарында National Geographic Traveler фотосүрөтчүлөрү жана атактуу блогггерлери арасында орун алган 8 кишилик түштүк корея тобу Адыяманга барып, шаардын тарыхы жана туристтик жерлерин кыдырганын баяндаган. Ал топ, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Немрут тоосу баш болгон Перре байыркы шаары, Байыркы Кахта чеби, Жендере көпүрөсү, Арсемиа уранды жери жана Каракуш түмүлүстөрүн кыдырды. Блоггер жана фотосүрөтчүлөр өзгөчө карлардын астындагы Немрут тоосундагы айкелдерге суктанышкандарын жашыра алышкан жок.

«Ватан» гезити «Явуз Султан Селим көпүрөсү көк түскө бөлөндү» деген маалыматында Стамбулдагы «Явуз Султан Селим» көпүрөсү 2-апрелде Аутизмди билүү күнүнө көңүл буруш үчүн кечээ кечинде көк түскө бөлөнгөнүн маалымдаган. «Явуз Султан Селим» көпүрөсү жана түндүк чөйрөдөгү автожолун курган жана иштеткен фирма, БУУнун аутизм ылдам өсүп бара жаткандыктан коомдук пикирдин көңүлүн буруш үчүн декларация кылган «2-Апрель Аутизмди билүү күнүнө» арнап уюштурулган Көк нур жак (Light It Up Blue) акциясын колдогонун жарыялады.



Тектеш кабарлар