Түрк басма сөзү-01.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1174440
Түрк басма сөзү-01.04.2019

«Сабах» гезити «Дүйнөлүк лидерлерден президент Режеп Таййип Эрдоганга куттуктоолор» аттуу маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас, Сербиянын президенти Александр Вучич, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин төрагасы Милорад Додик жана Демократиялык кыймыл партиясынын жетекчиси Бакир Иззетбегович, Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен Гвинеянын президенти Альфа Гонде президент Режеп Таййип Эрдоганды жергиликтүү шайлоолордо 51 пайыздан көп добуш алып жеңишке жетишкендиги үчүн телефон аркылуу алгачкылардан болуп куттаган ысымдар болушканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору (THY) Стамбул аэропортунан 405 миңден ашык жүргүнчү ташыды» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экшинин социалдык медиа барагы Твиттерден берген бөлүшүүсүндө, «Жеңиш эстелиги Стамбул аэропортунда 405 миңден өттүк. 6-апрелде көчө турганыбыз Стамбул аэропортунда ушул убакка дейре 3214 каттамыбыз болду жана 405 миңден ашык жүргүнчүбүздү тейледик. Чоң долбоорлор менен 2023-жыл максаттарыбызга жетебиз»,-деп айтканын баяндаган. Дүйнөнүн эң чоңу болгон Стамбул аэропорту 2018-жылы 29-октябрда ачылган.

«Стар» гезити «Жаңы улуттук система менен жабдылууга ар башка деңиздерде бир убакта операция жөндөмдүүлүгү» деген маалыматында жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен Түрк инженерлери тарабынан флоттогу бардык кемелерге биргелешкен операция жөндөмдүүлүгүн камсыздай турган ADVENT системасы киргизилгенин маалымдаган. Бул система менен Кара деңиз менен Мармарада орун алган согуштук кемелер бир убакта операцияга катыша алат, флоттогу бардык кемелерге бир убакта бирге кыймыл кылуу жөндөмдүүлүгү камсыздалат. Дагы деле курулушу уланып жаткан жана келечекте курула турган бардык согуштук кемелеринде да жаңы муундагы улуттук согуш башкаруу системасы ADVENT колдонулат.

«Йени шафак» гезити «Табигый таш экспорту 25 жылда 33 эсе өстү» деген маалыматында Түркияга жылда 2 миллиард доллар валюта алып келген Түркиянын табигый таш сектору, дүйнөнүн эң чоң эки жарманкесинен бири болгон MARBLE  Измир жарманкесинде, дүйнөнүн төрт тарабынан келген миңдеген муктаждарды тосуп алганын жазган. Жарманкеге 209у чет элдик 1100гө жакын фирма катышты. Дүйнөлүк запастардын 35 пайызына ээ болгон Түркиянын 2 миллиард доллар деңгээлинде болгон табигый таш экспортунун 7 миллиард долларга жеткирилиши максатталууда.

«Хүррийет» гезити «Англис гезити жазды; Карадеңиз даамдары тамагыбызда калды» деген Англиянын алдыңкы гезиттеринен Гуардиандын саякат жазуучуларынан Кэролайн Идендин Кара деңизди кыдырып бул аймактын алдыңкы даамдарын таанытканын баяндаган. Стамбулдан авто жолу менен Кара деңизге келип, сунушталган бардык тамактардан ооз тийүүгө аракет кылганын жазган. Кара деңиз тамактарынын даамдуу жана ошондой эле арзан экенин белгилеген Иден, дүйнө жүзүнө экспорттолгон фындыктын 70 пайызынын бул аймактан келгенин эске салып фындык камтылган бир топ тамак аштарды сатып алганына басым жасады. Журналист Кэролайн Иден: «Кара деңиздин тамактарынын даамы тамагыбызда калды»,-деди.



Тектеш кабарлар