Түрк басма сөзү  15.03.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү  15.03.2019

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу Брюсселде маанилүү кабарларды берди» деген маалыматында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде кечээ Европа Биримдиги жана БУУ тарабынан өткөрүлгөн «Сириянын жана аймактын келечегинин колдоого алынышы» аттуу конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу : «Астана процесси зомбулукту азайтуу жана саясий процессти алдыга жылдыруу үчүн так салым кошууда. Бирге алып барган иштерибиздин натыйжасында Конституциялык комитетинин курулушунун акыркы баскычына келишине мүмкүнчүлүк түздү»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Акардан Ф  - 35 билдирүүсү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ф  - 35 аскердик учактарынын АКШдан Түркияга ноябрь айында тапшырылышынын күтүлүп жаткандыгын айтты. Акар : «Бир топ маалыматтардын болгондугуна карабастан Ф  - 35 азыркы учурда калыбында бара жатат. Учкучтарыбыз, техникалык кызматкерлерибиз АКШда билим алууну улантууда»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Юстиция министри Гүлдөн Европа Парламентинин чечимине катуу каршылык» деген макаласында юстиция министри Абдулхамит Гүлдүн Европа Парламентинин 2018 -  жылдагы Түркия отчетуна байланыштуу : «Түркияга каршы шектенүүлөр менен толгон бул отчет тарыхка Европанын өз баалуулуктарынан алыстоонун документи катары өтөт»,- дегендигин жазган.

Министр Гүл : «Бир тараптан демократияга, адам укуктарына шек келтирип, бир тараптан да мыйзам жана эркиндиктерди жашаткан коомдук  тартипке согуш ачкандарга колдоо көрсөтүү, тарыхый бир баш – аламандык»,- деди.

«Стар» гезити «Президенттиктин симфониялык оркестрынын башкы кыякчысы Софияда сахнага чыкты» деген кабарында Президенттиктин симфониялык оркестрынын башкы кыякчысы Жүлиде Ялчын Болгариянын борбор шаары Софияда сахнага чыккандыгын, Булгария Халлда дрижер Свилен Симеоновдун башкаруусунда София симфониетта оркестры өткөргөн концертте Вольфганга Амадея Моцар жана Иосиф Гайдндын чыгармалары аткарылды.

«Сабах» гезити «2 миң 300 жылдык маданий мурас» деген кабарында Самсундун Бафра районунда еллендик доордо курулган Асаркале жана аска мазарларынын чоң кызыгуу көргөндүгүн жазган. Эң көп кызыгууну 2 миң 300 жылдык Пафлагонья мезгилине таандык мазарлар тартууда.



Тектеш кабарлар