Түрк басма сөзү 08.03.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1159790
Түрк басма сөзү 08.03.2019

«Ватан» гезити «Фуат Октайдан маанилүү маалыматтар» деген кабарында вице  - президент Фуат Октай Түркиянын Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу системасын сатып алышына байланыштуу : «Түркия С  -  400дөр тууралуу өз кызыкчылыгы эмне болсо аны аткарып жатат, өз чечимин чыгарып, өз жолу менен баратат»,- дегендигин билдирген. Түркиянын чечим чыгарып жатып бир гана өз кызыкчылыгын ойлогондугун айткан Октай : «Бир маселеде эгерде кол койгон болсок керек болгон эмне болсо аткарабыз. Түркиянын көшөрүү сыяктуу  мамилеси жок»,- деди.

«Хүррийет» гезити  «Ирактын түндүгүнө аба опеарциясы» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү террордук уюмдарына абадан операция жүргүзгөндүгүн жазган. Улуттук коргоо министрлигинин твиттер эсебинен түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүнө жасаган аба операциясына байланыштуу маалымат берилди. Ушуга караганда Синат  - Хафтанин аймагына жасалган операцияда жикчил террордук уюмга таандык курал буктурмасы, үңкүрлөр жана ок  - дары сактоочу жерлер жардырылды.

«Хабер түрк» гезити «Машина экспорту 2 айда 2, 7 миллиард долларга жогорулады» деген макаласында Түркиянын машина экспорту жылдын 2 айында 2018 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 8, 1 пайызга өсүп, 2, 7 миллиард долларга жогорулагандыгын жазган. Машина экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда машина экспорту февраль айында 1, 4 миллиард доллар болуп ишке ашты. 2 айлык мезгилде АКШ, Британия, Франция жана Испанияга жасалган машина экспортунда 20 пайыздан ашык өсүү болду.

«Сабах» гезити «Түрк группасы Антарктида билим сапарынан кайтты» деген кабарында түрк илимпоздорунун үчүнчү Улуттук Антарктида билим сапарынын негизинде 29 -  январда башталган жүргүнчүлүгү кечээ аяктагандыгын жазган. Антарктидага билим сапарына чыккан түрк группасы 36 күндүк иш алып баруудан кийин өлкөгө кайтты. Ак континентте деңизден жана кургактыктан бир топ материал чогулткан группа буларды иликтөө үчүн Түркияга алып келди.

«Стар» гезити Германиянын борбор шаары Берлинде дүйнөнүн эң чоң туризм жарманкеси болгон 53 -  Берлин Эл аралык Туризм Биржа жарманкесинин башталгандыгын жазган. Дүйнөнүн 186 өлкөсүнөн 10 миңден ашуун туризмчини жолугуштурган жарманкеде Түркия, Троя аты жана Гөбеклитепенин символу балбал таш моделдеринин коштоосунда курулган стенди менен абдан чоң кызыгуу көрдү. Немистер Түркия тууралуу маалымат берилген стендге келишти.



Тектеш кабарлар