Түрк басма сөзү-4.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1156436
Түрк басма сөзү-4.03.2019

«Стар» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу; Ирандын бурчка такалышы кооптуу жана коркунучтуу» аттуу маалыматында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун: «Ирандын ушундай түрдө бурчка такалышынын аймак үчүн да абдан кооптуу жана коркунучтуу. Иранды колдообузду улантабыз»,-деп айтканын баяндаган.  Министр Чавушоглу, Европа өлкөлөрүндө кызмат кылган Палестинанын элчилери менен кеңешүү жыйналышында айрыкча, «Кудстун тарыхый жана укуктук статусунун сакталышы тышкы саясатыбыздын алдыңкы пландарынан бирөө. Бул, биз үчүн ыйык доо болуп саналат. Кудстагы адилетсиздикке эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн ар түрдүү аракетти көрсөтүп жатабыз»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «АНКА-2 үстүбүздөгү жылдын ичинде алгачкы учуусун ишке ашырышы максатталууда» аттуу маалыматында Түркиянын учурдагы учкучсуз учуучу аппараттарына салыштырмалуу дагы көп пайдалуу жүк ташый ала турган жаңы учкучсуз учуучу аппараты Анка-2нин мотору ийгиликтүү иштегенин жазган. Анка-2нин үстүбүздөгү жылы учуусу максатталууда.

«Хүриийет» гезити «Цирктин арстандары Turkish Cargo менен табигый жашоо аянттарына жеткирилилди» деген маалыматында дүйнөнүн 124 өлкөсүндө тейлөөсүн камсыздаган жана эң ылдам өскөн жүк ташуучу марка болгон Turkish Cargo; Лука, Чарли, Кай аттуу ургаачы арстандар менен Натан аттуу бала эркек арстанды айбанат укуктарына ылайыктуу түрдө Украинанын борбор шаары Киевден алып Стамбул аркылуу Түштүк Африкадагы табигый жашоо аянттарына жеткеиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Мардинде максат 5 миллион турист» аттуу маалыматында Мардинде быйыл 5 миллион кишинин тосулушу максатталып жатканын жазган. Мечиттери, медреселери, чиркөөлөрү, тар көчөлөрү жана таштар оймолонуп кооздолгон үйлөрү менен акыркы жылдардын эң маанилүү тартуучу борборлорунан бири болуу жолунда бараткан жана өткөн жылы 3 миллион туристти тоскон Мардинде быйыл март жана апрель айларында жасалган резервациялар менен мейманканалардагы толтуралык катышы 90 пайызга жеткенин маалымдаган.

«Йени шайфак» гезити «Антальяда туризмде 52 пайыздык рекорддук өсүү» деген кабарында туризмдин борбор шаары Анталья, 2019-жыл үчүн 15 миллион максатын койгон турист санында, январь айынан кийин февраль айында да акыркы жылдардын эң жогорку санына жеткенин белгилеген. Февраль айында шаарга 50 пайыздык өсүү менен 152 миң турист келди. Эки айлык жалпы турист саны өткөн жылга салыштырмалуу 52 пайызга өсүп 292 миң кишиге жетти.



Тектеш кабарлар