Түрк басма сөзү    22.2.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1150447
Түрк басма сөзү    22.2.2019

«Хүррийиет» гезити «Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тегерегинде эки кеме менен бургулоону баштайбыз» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун алдыбыздагы күндөрдө Кипрдин тегерегинде эки кеме менен бургулоо иштеринин башталарын айткандыгын жазган. Кечээ Айдын облусунда иш дүйнөсү менен өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Чавушоглу Эгей деңизи, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрдин тегерегиндеги гидро карбон байлыктарынын Түркия үчүн стратегиялык максат жана улуттук маселе экендигин баса белгилеп : «Эч качан Кипр түрк калкынын жана Түркиянын элдерин тебелеп – тепсеткен жокпуз жана мындан кийинда теблетпейбиз»,- деди.

«Стар» гезити «Индиялык туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу артты» деген макаласында Индиядан Түркияга келген турист санында 2018 -  жылы 2017 -  жылга караганда 80 пайыздык өсүү болгондугун жазган. Индиянын Анкарадагы элчиси Санджай Бхаттачарья индиялык туристтердин жалпысынан Стамбул, Каппадокия жана Анталияны тандашкандарын эске салып : «Эрзурум, Ван көлү, Карс туристтер үчүн сунуштала алат. Бул индиялык туристтердин да кызыгуусун тартат. Өзгөчө Кара деңиз да бул мааниде абдан бай бир потенциалга ээ»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан шамалга карата инвестиция» деген кабарында Түркиянын шамалдагы күчү 2018 – жылы 2017 -  жылга караганда 497 мегаваттка өсүп 7 миң 369 мегаваттка жетти. Ушундайча Түркия 2018 -  жылы шамалда кошумча күч жактан Европа Биримдиги өлкөлөрү, талапкер өлкөлөр жана Орусия менен Украина да араларында болгон 38 өлкөнүн арасында алтынчы орунду алды.

«Йени шафак» гезити «Европа Биримдиги менен соодада ашыкчалык  белгиси» деген макаласында Европа Биримдиги менен соода кемчилигин минимумга түшүргөн Түркия өткөн жылы 77.3 миллиард евролук импортко жооп катары 76, 3 миллиард евролук экспорт кылгандыгын жазган.. 153 миллиард евролук соода тең салмактуулугунда 2018 -  жылы кемчилигин 1, 2 миллиард еврого чейин түшүргөн Түркия бул жылкы соодадагы ашыкчалык белгисин күтүүдө.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү турист өлкө тышында 4, 9 миллиард доллар сарптады» деген макаласында өткөн жылы өлкө тышына чыккан 8 миллион 383 миң түрк жараны 80 ,4 пайызы жеке, 19,6 пайызы турдун негизинде, жалпы 4 миллиард 896 миллион доллар сарптагандыгын жазган. Түркия Статистика Мекемесинин интернет сайтынан берген маалыматка караганда түрк жарандарынын өткөн жылы өлкө тышында ар бир киши башына орточо туризм үчүн сарптаган акча 584 доллар болуп ишке ашты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар