Түрк басма сөзү-14.2.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтарды угуп жатасыздар.

1145215
Түрк басма сөзү-14.2.2019

«Сабах» гезити «Хулуси Акар, грек кесиптеши менен жолугушуу өткөрдү» аттуу маалыматында  улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Грециянын коргоо министри Апостолакис менен жолукканын жазган. Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ишке ашкан НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйналышында Түркияны өкүлдүк кылган Акар, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Акар-Апостолакис жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы маселелер каралды.

«Хабер түрк» гезити «Венесуэлага экспорт 3 эсе көбөйдү» аттуу маалыматында Түркиядан Венесуэлага жасалган экспорт өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 222 пайызга өсүп 120 миллион 800 миң долларга жетти. Инфляция абдан жогору болгон Венесуэлага Түркия басымдуу түрдө азык-түлүк заттарын экспорттоодо. Экспортто биринчи орунду 27 миллион 886 миң доллар менен макарон алды. Андан кийин 13 миллион 642 миң доллар менен күн караманын майы, 7 миллион 860 миң доллар менен буудайдын уну жана 5 миллион 41 миң доллар менен кызыл жасмык орун алды.

«Ватан» гезити «ТЕКНОФЕСТ толкундануусу башталды! Күнү белгиленди» деген маалыматында дүйнөнүн эң чоң экинчи авиация фестивалы болгон ТЕКНОФЕСТ Стамбул авиация, космос жана технология жарманкеси быйыл 17-22-сентябрь күндөрүнүн аралыгында «Ататүрк» аэропортунда өтө турганын маалымдаган. ТЕКНОФЕСТ быйыл 1 миллиондон ашык кишинин келе турганын көздөөдө. Стамбулда боло турган фестивалдын алкагында жаштардын келечектин технологиялары боюнча эмгектенүүлөрүн шыктандыруу үчүн 19 башка категорияда технология сынагы уюштурулат.

«Хүррийет» гезити «Ирандык туристтер бул ирет Паландөкенге чубады» деген маалыматында Эрзурумдун Паландөкен лыжа борборунда отелдердеги толтуралык катышы ирандык туристтердин көп келишинен улам 90 пайызга жеткенин маалымдаган. Кардын сапаты, узун тилкелер, күнү, табияты жана акыркы моделдеги комплекстери менен кыш туризминин көздөлгөн борбору Паландөкенге келген ирандыктардын көбү түркчө билишкендиктен чоочун болушпайт.

«Стар» гезити «Анадолу кемеси жакынкы күндө деңизге чыгат» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлиги тарабынан көп максаттуу амфибиялык чабуул кемеси «Анадолунун» үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде сууга түшүрүлүшү пландалганын белгилеген. Министрлик социалдык медиа барагынан «Анадолу кемеси келе жатат» темасы менен маалыматты бөлүштү. Түркиянын эң чоң аскердик кемеси болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон кеменин курулушу тууралуу видеолор орун алган бөлүшүүдө, «улуттук жана жергиликтүүлүк» баса белгиленди.



Тектеш кабарлар